"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргыз өлкөсүндө гана өткөрүш керек". Мындай пикирин SUPER.KG порталына Башкортостандын көк бөрү боюнча курама командасынын улакчысы Фатхун Назмат билдирди.
Улакчы Көчмөндөр оюндары тууралуу жана өз командасынын даярдыгы тууралуу айтып берди.
"III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары мыкты деңгээлде өтүп жатат, бизге бардыгы жагууда. Улак тартып, жеңишке жеткенге аракет кылып жатабыз. Көк бөрү оюнун 2 жылдан бери ойноп келе жатабыз. Бул биз үчүн спорттун жаңы түрү, андыктан бул оюнду эми гана өздөштүрүп баштадык. Биз атайын Көчмөндөр оюндарына даярданганбыз. Башкортостанда көк бөрүнү кээде гана ойнойбуз, жылына 2-3 жолу болуп калат. Бизде азырынча көп команда топтоло элек, райондо 12-14 киши 2 командага бөлүнүп өз ара ойнойбуз", - дейт ал.
Ошондой эле Фатхун Назмат кыргыздардын меймандостугу тууралуу айтып, Көчмөндөр оюндары Кыргыз өлкөсүндө эле өткөнү жакшы экенин баса белгиледи.
"Кыргыз өлкөсү бизге аябай жакты. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын Кыргыз жергесинде эле өткөрүш керек деп эсептейм. Кыргыздар түрк тилдүү мамалекеттердин арасындагы эң меймандос калк экен. Мен мындай кичипейилдикти башка өлкөлөрдөн көргөн эмесмин", - дейт ал.
Бүгүн, 4-сентябрда көк бөрү боюнча Башкортостан менен Франциянын курама командалары кез келип, Башкортостан атаандашын 2:0 эсебинде утуп алды.
Айта кетсек, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2-сентябрда старт алган. Азыркы тапта спорттун 3 түрү боюнча мелдештер жыйынтыкталып, кыргыз спортчулары жалпы 18 медаль утуп алышты. Медалдык эсепте Кыргыз курама командасы 2-орунда жайгашып келе жатса, 1-орунда Казакстан жана 3-орунда Түркмөнстан курама командалары жайгашкан.