Оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу Бишкектеги Үмөталиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылды. Мэриянын маалымат кызматынан кабарлашкандай, аталган көчөнүн Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндөгү жол катмары алмаштырылып, жаңы жээк таштар орнотулмакчы.
Оңдоо иштери "Бишкек шаарынын автомобиль жолдорунун жол катмарын калыбына келтирүү" долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Оңдоо иштери ушул жылдын 15-октябрына чейин созулат. Унаалардын жүрүүсү үчүн Турусбеков жана Калык Акиев көчөсү альтернативдик көчө болот. Шаардык мэрия келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.