super.kg logo
  Спорт  

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Таяк тартыш боюнча мелдеште кыргыз спортчулары жалпы 11 медаль тагынышты

 

Бүгүн, 4-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында таяк тартыш боюнча мелдеш өттү. Анда эркектер 7 салмак ченинде жана кыз-келиндер 5 салмак ченинде күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында Кыргыз өлкөсүнүн спортчулары жалпы 11 медаль утуп алганга үлгүрдү.

Кыргыз балбандары Кыргыз өлкөсүнүн капчыгына 3 алтын, 4 күмүш жана 4 коло медаль алып келишти. Алтын медалдардын ээлери 60 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашкан Бекжан Өмүралиев, 90 килограммга чейинки салмак ченинде Азат Таштанбеков жана 105 килограммга чейинки салмак ченинде Келдибек Атайбек уулу болду.

Медалдарды тагынган кыргыз спортчулардын тизмеси:

Алтын медалдардын ээлери:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Бекжан Өмүралиев;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Азат Таштанбеков;

105 килограммга чейинки салмак ченинде: Келдибек Атайбек уулу.

Күмүш медалдардын ээлери:

70 килограммга чейинки салмак ченинде: Кудайназар Алимов;

80 килограммга чейинки салмак ченинде: Аскат Жунушев;

125 килограммдан жогорку салмак ченинде: Рустам Жалилов;

65 килограммга чейинки салмак ченинде: Кымбат Нуржанова.

Коло медалдардын ээлери:

55 килограммга чейинки салмак ченинде: Элза Абдыкадырова;

75 килограммга чейинки салмак ченинде: Любовь Малеева;

85 килограммга чейинки салмак ченинде: Назия Майлибашева;

85 килограммдан жогорку салмак ченинде: Дильдора Рахманова.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
04.09.2018. 20:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
16
Катталган:
08-07-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 18:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алга кыргыз алга!!!
04.09.2018. 22:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
Катталган:
31-01-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 18:32
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсынар
04.09.2018. 23:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
16-06-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 08:40
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошондо биринчиге чыктыбы Кыргызстан ким биринчи келатат бат баттан берип тургулачы супер
04.09.2018. 23:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
04-07-2016
Соӊку аракети:
19-09-2018 20:08
Жынысы:
Белгисиз
+2
Супер инфо кайсы өлкө канча медал алды канчанчы местада кетип атат кантип билсе болот? Таблица кылып чыгарбайсыңарбы сураныч
05.09.2018. 01:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
32
Катталган:
25-06-2015
Соӊку аракети:
19-09-2018 09:13
Жынысы:
Белгисиз
0
anonymous,1.кыргызстан 43 медал 15 алтын 15 кумуш 13 коло
2.россия 24 медал 11 алтын 5 кумуш 8 коло
3.Казакстан 32 медал 9 алтын 9 кумуш 14 коло
05.09.2018. 01:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
771
Катталган:
18-04-2014
Соӊку аракети:
19-09-2018 17:04
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен тан калганы медал чыканда желегибиз жок алып чыканга менден алды сурап анан барып алып келди
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: