Таза жүндөн килем, унаа токтотуучу жай, заманбап видеокамералар. Бишкектеги жаңы мечиттин курулушуна керектелген каражаттар тууралуу

2-сентябрда Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышы болгон. Борбор Азиядагы ири деп эсептелген мечиттин архитектуралык өзгөчөлүктөрү, курулушуна пайдаланылган каражаттар тууралуу Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматына кайрылып жооп алдык.

МЕЧИТТИН АРХИТЕКТУРАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Имам Сарахсий атындагы республикалык борбордук мечит Осмон империясынын классикалык архитектурасына негизделип курулган Анкара Кожатепе мечитинин стилинде курулду. Мечиттин негизги аянтынын узундугу 94, туурасы 56 метрди түзөт. Мечит намаз окулуучу жай, азанчыга бөлүнгөн жай, жер төлө жана ачык короо болуп, жалпысынан 6 миң 759 чарчы метрге жакын курулуш аянтына ээ.

Мечиттин ибадат кылуучу жайында бир учурда 9 миң киши намаз окуй алат. Жума жана майрам намаздарында мечиттин ички жана короо бөлүгүндө бир учурда 30 миң адам ибадат кыла алат. Мечиттин төрт мунарасы бар. Мунаралардын узундугу 68 метр. Мечиттин негизги куполунун диаметри 25 метр, жерден 38 метр бийиктикте жайгашкан. Жер төлө, намаз окулуучу жай жана азанчыга бөлүнгөн жайга чыгуучу мечиттин чыгыш жана батыш тарабында эки даана лифт бар. Мечиттин сыртында 884 чарчы метрлик курулуш аянтына ээ өз алдынча имаратта эркек жана аялдар үчүн бөлүнгөн атайын даараткана бар. Өзгөчө майыптар үчүн даарат алуучу 2 жай каралган. Дааратканада жылуу суу, желдетүү жана ысытуу системдери орнотулган. Андан сырткары үзгүлтүксүз колдонууга ылайыкташтырылган, бүтүндөй мечитке жете турган суу сактагыч системи курулган. Мечитке жана кошумча бөлүктөргө кирүүдө кары-картаңдар, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер жана ооруп жаткан адамдар үчүн атайын басуучу жолдор, лифттер жана дааратканалар курулуп, аларга ээн эркин ибадат кылууга шарт түзүлгөн.

Мечиттин жер төлөсүндө мечиттин кызматкерлери үчүн атайын бөлмөлөр каралган. Өзгөчө мечиттин техникалык системин көзөмөлдөөчү бөлмө да жер төлөдө орун алган. Айлана-чөйрөнү тартипке келтирүү алкагында комплекстин карамагында 6 даана кароолчу, 5 даана автоматташтырылган автоунаа кириши, 8 даана жөө адамдар кирүүчү эшиктен турган темир бетон короо дубалдар, травертин таштары менен төшөлгөн жөө адамдар жүрүүчү жолдор, чамалуу 500 унаа бата турган ачык унаа токтоочу жай, автоматтык негизде сугарылуучу жашыл аянттар, эс алуучу жайлар, отургучтар жана кооздолгон көлмөлүү чатырлар курулган.

КӨРКӨМДҮҮ КЕРАМИКАЛЫК ПЛИТКАЛАРЫ

Мечиттин дубалдарын кооздоп турган изник кафели Аникя Изник өнөрпоздору тарабынан саймаланып, толугу менен колго даярдалган. 16-кылымга таандык нукура саймалар менен кооздолгон керамикалык плиткалардын 4 даанасы мечиттин намаз окулуучу кабатында, 8 даанасы мечиттин астыңкы бөлүгүндө орун алган.

МЕЧИТТИН ТЕРЕЗЕЛЕРИ

Мечитте колдонулган терезелер "гипстен жасалган кооз терезелердин" түрүнө кирет. Жалпысынан 132 даана түркүн түстүү жарыктандыруучу кооз терезелер бар. Короого 18 даана кооздолгон терезе жайгаштырылган.

КАЛЛИГРАФИЯЛЫК ЖАЗУУЛАР ЖАНА ЖАСАЛГА

Мечиттин куполдорун жана дубалдарын көрктөндүрүп турган каллиграфиялык жазуулар Осмон империясынын классикалык жазуу көркөм өнөрүнүн өрнөктөрүн камтып турат. Бул каллиграфиялык жазууларда аймактын маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдыруу максатында басымдуу ачык көк түс колдонулуп, керкуктук уста Хади тарабынан тартылган. Мечиттин бардык бөлүгүндөгү көркөм жазуулар жыгачтын үстүнө Нахт технологиясы менен саймаланып, бардыгы алтын барак менен капталган.

Мечиттин ички жана сырткы бөлүгү Жалал-Абад облусунан чыгарылган саргыч-күрөң түстүү мраморлор менен капталган. Бул мраморлор курулуш аянтында орун алган убактылуу өнөрканада Түркиядан алынып келген аппараттардын жардамы менен саймаланып, механикалык монтаж усулу менен мечиттин бардык тарабына капталган. Мраморлор салттык түрк-ислам маданиятына ылайык жылмаланып, даярдалган.

Мечиттин куполдору коргошун металы менен капталган.

Мечиттин жыгачтары жана аксессуарлары Түркияда боёлуп, лакталып Бишкекке алынып келген.

ЖАРЫКТАНДЫРУУ ИШТЕРИ

Негизги куполдун жана жарым куполдордун асма чырактары (люстра) Осмон империясынын классикалык асма чырак көркөм-өнөрү модернизацияланып, жаңы формага ээ болгон абалы. Негизги куполдун люстрасы 12 бөлүктөн турган жылдыз формасына ээ. Асма чырактын алдыңкы бөлүгүндө жана айланасында Осмон империясына таандык салттык оймолор бар.

КИЛЕМДЕР

Мечитке суук аба ырайы эске алынып, жыттанбай турган, 100 пайыз жүндөн жасалган килемдер төшөлгөн. Килемдердин түсү жана оймолору ушул мечит үчүн атайын даярдалып, Түркиянын Маниса Демиржи аймагында тиктирилген. Негизги куполдун алдына салынган килем куполдун жасалгасына жана асма чыракка ылайыкташтырылган, килемдин ортосуна Селжук жылдызынын оймосу түшүрүлгөн.

ТЕХНИКАЛЫК ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

Мечиттин намаз окуучу жайына, азанчынын алдына жана жер төлөсүнө жылуу пол төшөлгөн. Жер төлөдө желдетүү системи курулган. Мечиттин ар тарабына орнотулган камералардын жардамы менен дүйнөнүн булуң бурчунан мечитти көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Ошондой эле өрткө каршы орнотулган үн чыгаруучу белгилер менен кыска убакыт аралыгында өрттү өчүрүүгө мүмкүнчүлүк жаратылган.


кошулду
Бишкекте ачылган Борбор Азиядагы эң чоң мечиттин бийиктен көрүнүшү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
Muslim_KGstana.
2018-09-05 13:27:33
Соз жок
+2
Adil706070
2018-09-05 13:35:33
Аллах ыраазы болсун демоорчулордон.
Олкобуздо тынчтык жана элибизде ыйман,ар биринин уйундо ибадат болсун.
+11
Nargiza1987k
2018-09-05 14:14:05
Аллах ыраазы болсун
+5
salimbek87.kg
2018-09-05 14:31:01
МашАллах демөөрчүлөргө Аллах разы болсун
+3
Merelisha
2018-09-05 14:56:57
МаШаАллах. Москвадагы эн чон мусулмандардын мечитине суктанып келдим эле,ички кооздогу кем калышпайт экен,кубанычтамын. Кооп коп ыймандуу,Аллахтан корккон адамдар кобоюп,аларга керектуу,сыймыктуу мечит болсун.
+5
MaksCharbak85
2018-09-05 17:47:24
Ырчылар бири бирине атандашып клип тартып баштайт еми
-1
bakan
2018-09-06 11:51:29
Машшаллах аллах ыраазы болсун
0
Asyl10
2018-09-06 13:19:31
Алла ыраазы болсун, турктор коп сооп иш кылып жатышат. бирок, школ,садиктерге караганда мечиттер жайнап,онугуп кетти, балдарга да ушундай видеокамералар, килемдер тошолгон шарттар болсо кана эле. Синдимдин 2 -класстагы баласы, айылдаштары менен 10 километр жоо басып мектепке барат кышы-жайы, мектеп жок жакын жерде, мечиттер болсо ар кадамда. Мечит эле ача бербей мектеп, бакча да ачып беришсе жакшы болмок.Балдарга биринчи кезекте билим керек да.
+1
Ulanbek1992
2018-09-07 16:24:06
10 км? 2 саат басып барабы мектепке 2-класстын окуучусу?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан