super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-СЕНТЯБРЬ: "Мени жарык дүйнөгө алып келген апама ыраазычылык билдирип, белегимди берем" дейт 26 жашка толгон Максат Садырбеков

 

Бүгүн, 5-сентябрда кыргыз эстрада ырчысы Максат Садырбеков 26 жашка толду. Ырчыны туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду.

"Бүгүнкү маанайым, албетте, абдан жакшы. Таң аткандан бери жакын адамдарым, досторум, санаалаштарым улам бири куттуктап чалышып, жакшы каалоо-тилектерин билдирип жатышат. Быйыл эмнегедир туулган күнүмдү өткөрүүгө көңүлүм чаппай жатат же токтолуп калгангабы (күлүп). Бүгүнкү күн кадимки эле күндөрдөй өтүп жатат. Ушул күнү мени жарык дүйнөгө алып келген ата-энеме ыраазымын. Азыркы учурда апама ыраазычылыгымды билдирип, белегимди берип маанайын көтөрүп келейин деп турган чагым".

Ырчынын "Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Мен курсакта жатканда атам апама “дагы кыз төрөйсүң” деп аябай каршы чыгып, жериптир. Апам байкуш болбой эле “эркек болот, сезип жатам” деп, анан мен төрөлүпмүн. Атамдын уул күтпөй күмөн санаганына деле себеп бар. Анткени менден улуу Асел, Наргиза деген эки эжем бар, кала берсе атамдын туугандарынын баары жалаң кыздуу болушкан экен ошол кезде. Байкеси да улам эркек болот деп жатып 5 кыздуу болгон экен. Баарынан кызыгы, апам байкуш кыйналып мени төрөп, атама “эркек төрөдүм” деп сүйүнчүлөптүр. Атам апама ишенбей, төрөт залына чейин кирип келип, мени көрүп (каткырып күлүп), анан көңүлү жай алыптыр. Ошондо мени терезеден элге көрсөтүп, үнүнүн болушунча “меники эрке-еек” деп кыйкырып, катуу сүйүнгөн экен. Сүйүнбөй анан, жашоодогу эң негизги максаты – уулдуу болсом деген тилек болсо. Атымдын Максат болуп калганы да ошондон".
  • "Кастинг тууралуу мен М.Күрөңкеев атындагы музыкалык училищеде окуп жүргөндө досторумдан уктум. «Музобо» берүүсүнөн Урмат Усенов да "жаш таланттар үчүн жакшы долбоор болот" деп айтып калды. Чынында мындай нерселерге көп ишене берчү эмесмин. Окуу жайга барсам досторумдун баары эле ошол жакта экен. Кастингге келсем "кириш үчүн анкета толтуруш керек" дешти, анысы 200 сом турат экен. Жанымда акчам жок, эжеме чалып "мага акча берип тургулачы" дедим. Маршруттук такси менен барып акчаны алып келгиче эл да азайып калыптыр. Акыркылардан болуп кирип ырдадым. Урмат Усенов шашып жаткан экен, «Максат менен Чолпон мага» деп кетип калды. Калган устаттар да өздөрүнө шакирт тандап, командасы менен сүйлөшүп жатышпайбы.
    Чопа экөөбүз тиктешип кала бергенбиз (күлүп). Кийинчерээк Спорт сарайында Мирбек Масалиев, Аскар Бержибаев, биз болуп концертте «Нон-Стоп» деген алгачкы ырыбызды аткардык. 2 жумадан кийин гана жеңүүчүлөр «Супер-Инфо» гезитине жарыяланып, Чолпон экөөбүз Алексейге (ред. Сидоров, топтун продюсери) жолукканбыз. Ошондо продюсерибиз бизге дуэт катары чыгуу сунушун айтып, макулдаштык. Чыгармачылыктын артынан жашоомдо биринчи жолу деген нерселер көп орун алды. Мисалы, 1-жолу сахнага чыктым, 1-жолу чет өлкөнү көрдүм, Кыргызстандын атынан 1-жолу эл аралык сынактарга катышып, 1-жолу аттракционго түштүк дегендей. Санап отурсак 1-жолу деген нерселер сегиз жылдык тарыхыбызда көп экен. Ошондуктан баарына, продюсер, менеджерибизге ыраазыбыз. Акыркы жолу Грузияга барганыбызда Чолпон экөөбүз тарашыбыз керек экенин, мындан ары чогуу иштеше албай турганыбызды түшүндүк. Жашоодо өзгөрүү болуп турса жакшы эмеспи. Мисалы, узун жолдо кете берсең тажайсың да. Оңго, солго бурулгуң келет дегендей. Анын үстүнө «Жыргал life» берүүсүнө да көп көңүл бөлүп калдык. Экөөбүз тең жеке ырчы катары бышып жетилип калгандыктан өз алдыбызча кетүүнү туура көрдүк.
  • Мен кичинемде караңгыдан аябай коркуп калгам. Бир жолу түн киргенде таякем "тамеки сатып кел" деп жиберген. Чыксам, эшик капкараңгы, ай да жок. Ошондогу жолдун узарып кеткендигичи.
  • Азыр элге сыр бербегеним менен, бийиктиктен да аябай корком.
  • Кафеде ырчы болуп иштеп жүргөндө досум экөөбүз үйгө кетели деп чыксак, кар жаап жатыптыр. Билбейм эмне, "зымдарым" тийишип кетти. Досум экөөбүз карга оонап, аябай ойногонбуз. Ошондон кийин карга оонагандан чоң рахат алам. Ашыкча "көздөр" жок болсо дагы деле оонап, жыргап калмайым бар.
  • Мен тартылган тасмабы, клиппи, көрсөм эле өзүмдөн уяла берем. “Быйыл сөзсүз күйөөгө тием” деген тасмадан өзүм чыккан кадрларда көзүмдү жумуп көрбөй коём.
  • Бутумдун өлчөмү жакпайт. 43-өлчөм кийгендиктен, мага жаккан бут кийимдин ошол өлчөмүн таппай жиним келе берет. Бүкүрөйүп алганым жакпайт. Сүйүктүүсү Айсулуу менен.
    Максат Садырбеков ушул жылдын январь айында 7-8 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн Айсулуу аттуу сүйүктүүсүн коомчулукка тааныштырган. "Экөөбүз бир жерде окуганбыз, ал хореографияда, мен музыка бөлүмүндө. Ошондо биздин сүйүү мамилебиз мен "Non-stop" дуэтине келгенге чейин эле башталган. Мен Айсулууну кыз-жигит болуп жүрүү үчүн эмес, жубай боло алат деген көз караш менен тандагам. Азырынча үйлөнүү тууралуу пландарыбыз жок, бирок ниетибиз жакшы", - деген ырчы.

Максат Садырбеков 1992-жылы 5-сентябрда туулган. Мектепти бүткөн соң М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшырган. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү, өзүнөн улуу 2 эжеси бар. Атасы эркек балалуу болууну көптөн бери максат кылып жүргөн кезде төрөлгөндүктөн атын Максат деп коюшкан.

5-сентябрдын жылнаамасы.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: