super.kg logo

Райымбек Матраимовду кызматка кайтаруу же кайтарбоо боюнча соттук отурум качан өтөрү белгилүү болду

 

Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовду кызматка кайтаруу боюнча райондук соттун чечимине каршы доо арыз 26-сентябрда каралат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Жогорку Соттун маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт 17-августта Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун доосу боюнча чыккан райондук соттун чечимине карата доо арыз берген.

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Матраимовду 2017-жылдын 23-ноябрында "иши саясий жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатына каршы келет" деген жүйө менен Бажы кызматынын төрагасынын орун басарлыгынан алган. 26-апрелде Матраимов "мени негизсиз жумуштан алды" деп Исаковду сотко берген. Матраимов жумуштан мыйзамсыз алынганын белгилеп, кайра өз кызмат ордуна дайындалуусу керектигин талап кылган.

25-июлда Биринчи Май райондук соту Райымбек Матраимовдун Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары кызматына кайра коюу боюнча чечим чыгарган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.09.2018. 15:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
30
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
25-09-2018 15:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул Раим Матраимов Атамбаев менен абдан тыгыз иштешкен. Анын коррупциялык аракеттери болсо ага сөзсүз экс-президент аралашкан. Айрым маалыматтарга караганда Матриамов ай сайын АШАга акча киргизип турчу экен. Бул фактыны да иликтеп көрүш керек. Ал эми аны кызматтан алуу мыйзамсыз болгон. Бул соттон далилденген.
05.09.2018. 16:12 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
49
Катталган:
12-03-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 14:46
Жынысы:
Белгисиз
0
Окмот да женилет турбайбы соттон. Жеке оюм окмот эл козу учун эле Матраимовду сотко берди. Жумуш местасы даяр туратго деп
05.09.2018. 16:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
220
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 16:45
Жынысы:
Белгисиз
0
Раим АШАнын ишенимдүү адамдары болгон. Кызматка дал ушул Атамбаев койгон. Муну коомчулук жакшы билишет. Ал эми Сапар Исаков кызматтан негизсиз алган.
05.09.2018. 16:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
170
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 15:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкектин Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Раим Матраимовдун доо арызы боюнча 25-июлда чечимин чыгарганы маалым болду. Тактап айтсак, райондук сот Р. Матраимовду кайра кызматына кайтууга уруксат берген чечимин чыгарды. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин “бир короо” болгон пиарчылары ушул чечиди эле күтүп тургансып, ар тараптан президентти айыптай баштады. Муну деле туура түшүнсө болот. Анткени, АШАнын тушунда соттордун чечими 7-кабаттан чыгып турган. Бирок,
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114638;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: