Жоомарт Оторбаев 106 миллион доллар өлчөмүндөгү Түркия өкмөтүнүн насыясы боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалды

КРнын Биринчи вице-премьер-министри Жоомарт Оторбаев Түркия өкмөтүнүн насыясы боюнча иш-чараларды ишке ашыруу жана координациялоо боюнча комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка 6-ноябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койгон. Комиссиянын курамына биринчи вице-премьер-министр, Каржы министри, Экономика министри, Тышкы иштер министри, Адилет министри, Билим берүү жана илим министри, Айыл чарба жана мелиорация министри, Транспорт жана коммуникация министри, Энергетика жана өнөр жай министри, Бишкек шаарынын мэри, Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун жетекчиси, Мамлекеттик курулуш жана аймактык өнүктүрүү агенттигинин жетекчиси кирди. Белгилей кетсек, Түркия убада кылган насыянын жалпы көлөмү - 106 миллион доллар. Анын 100 миллион доллары насыя, 6 миллион доллары гранттык негизде берилет.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан