super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз курамасы Москва облусунун курама командасын 23:6 эсебинде утуп финалга чыкты

 

Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы борбордук ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көк бөрү боюнча мелдештин жарым финалдык беттештери орун алууда.

Оюн талаасында "А" тайпасынан Кыргыз курама командасы, "В" тайпасынан Москва курама командасы беттешип жатат. Учурда эсеп 10:2 болуп Кыргыз курамасы алдыда келе жатат.

16: 38. Биринчи таймдын тыныгуусу аягына чыгып, экинчи тайм башталды. Оюн башталары менен эсеп саны алмашты. Тактап айтканда, кыргыз улакчылары атаандаштарынын тай казанына бир улак таштап, эсепти 11ге айланта алышты. Кыргыз улакчылары дагы бир улак таштап эсеп 12:2 болду.

16:45. Көк бөрү беттеши кызуу жүрүүдө. Эсеп бат-баттан алмашып, учурда Сейитбек Анарбек уулу, Манас Ниязов, Аскат Аскаровдун ийгиликтүү улак ташташы менен эсеп 17:2ге айланды.

16:49. Москвалык оюнчулар Кыргыз курама командасынын тай казанына улак таштай албай жаткандыктан, кыргыз улакчы Таштемир Майлыбаев өз тай казанына улак салып коюу аракетин көрдү. Бирок анысы ишке ашкан жок.

16:50. Москва командасы чабуулду ийгиликтүү жыйынтыктап эсепти 17:3кө айлантышты. Көп убакыт өтпөй, Сейитбек Анарбек уулу Москва командасына жооп кайтарып эсепти 18:3кө айландырды.

16:55. Кыргыз улакчылары каршылык көрсөтпөй атаандаштарына улак таштоого мүмкүнчүлүк беришүүдө. Азырынча Москва командасы ал мүмкүнчүлүктү пайдалана элек.

16:56. Оюндун экинчи бөлүгү 19:3 эсеби менен аягына чыкты. 10 мүнөттүк тыныгуудан кийин беттеш уланат.

17:05. Кыргыз-Москва беттешинин үчүнчү бөлүгү башталды.

17:11. Эсеп 20:3кө айланды. 20-улакты Сейитбек Анарбек уулу таштады.

17:12. Бир мүнөт өтпөй кайрадан кыргыз улакчылары эсепти 21:3кө жеткире алышты.

17:15. Эсеп өзгөрдү. Кыргыз курамасынын команда капитаны Марлис Койгелдиев эсепти 22:3 кыла алды.

17:17. Рустам Тыналиев улакты атаандаштарына берип, эсеп санын өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк берди. Ал эми москвалык улакчылар бул мүмкүнчүлүктү экинчи аракетинен колдоно алды. Эсеп 22:4.

17:21. Уланбек Насыкеев улак менен, кыргыз улакчылар атаандашын айланып ойнотуп жатат. Ал эми майдандагы көрүүчүлөр улакты москвалык улакчыларга мүмкүнчүлүк берүүнү суранып жатышат.

17:22. Кыргыз улакчылар элдин сурануусун аткарып москвалыктарга мүмкүнчүлүк берди. Москвадан келген улакчылар эсепти 22:4кө айлантты. Улактын ээси Айбек Турдукулов болду.

17:25. Ахилести минген Айбек Темирбаев эсепти өзгөрттү. Эсеп 23:5. Бул улак анын үчүнчү улагы болду.

17:27. Акыркы секундалар саналып баштады. Кыргыз улакчылар атаандашына дагы бир мүмкүнчүлүк берип оюндун аягында эсеп 23:6 болду. Калыстын ышкырыгы жаңырып, оюн аягына чыкты.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(11)
06.09.2018. 16:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
45
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
25-09-2018 18:50
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул да аздык кылат
06.09.2018. 16:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
12-09-2015
Соӊку аракети:
26-09-2018 03:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ню Йорк
-1
Орустар Улак тартабы))
06.09.2018. 17:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
83
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
26-09-2018 00:51
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жок менин угушум бойунча москвадагы кыргыздар бир команда болуп барышкан деп уктум
06.09.2018. 17:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
16-10-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 20:24
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-1
Москвадан барган команда чон улактарда байге алып жургон кыргыздын жигиттери болсо керек.Неге жакшы ойной алышпады?
06.09.2018. 19:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
07-06-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:10
Жынысы:
Белгисиз
+1
Jyrgal_msk,биздин Кыргызстандын курамасы не байге албай не эшек такалап жүрүшкөнбү?биздин кумама дагы күчтүүлөр топтолгон Казактар корккон Манас Ниязов турса командада москвалыктар эмне болуп калыптыр москвалыктарга улакты карматпай итке сөөк ыргытпай артынан сагалаткандай эле жүгүртүрдү го москвалыктарды
06.09.2018. 17:59 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
12-07-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 11:08
Жынысы:
Белгисиз
+1
бүгүн футболдон жеңиш күтөбүз Алга Кыргызстаным
06.09.2018. 19:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
04-07-2017
Соӊку аракети:
23-09-2018 14:47
Жынысы:
Белгисиз
0
Kabyl-97,туура футболдон жениш кутобуз кош жениш болот ошондо
06.09.2018. 18:02 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
9
Катталган:
13-12-2016
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:31
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан,Талас
0
казактар оздорунун аттары менен ойноп жатабы айтып койгулачы
06.09.2018. 18:38 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
1070
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
21-09-2018 15:53
Жынысы:
Белгисиз
-2
Не тиги команда эшектер менен чыгыштыбы.ондурбапыр
06.09.2018. 18:57 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
69
Катталган:
07-06-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:10
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандык Кыргыздар менен чет өлкөлүк кыргыздардын оюну болдуда жергиликтүү кыргыздар азаматтар москвалыктарга ким кыйын экенин көрсөтүп коюштуу москвалыктардын алдынкы 2упайын биздин жигиттер атайын эле салдырып коюштуу даана көрүнүп турдуу тоскоолдук кылбаганы москвалык кыргыздар өлкөсүнө ыйлабай кетишсин баарынанда биздин жигиттер бири бирине улакты берип москвалыктарды жаман ойноттуу го
06.09.2018. 19:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 23:49
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
-1
Менимче Москванын жарандыгын алган кыргыздар!Орустардын кок бору менен иши да жок!Эртеден кечке иштешсе буларда кайдагы машыгуу,, татыктуу оюн коргозушту!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114713;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: