Адистердин билдиргенине таянып чет элдик маалымат булактары жазгандай, дүйнө жүзүндө 30 миллион доллардан ашык акчасы бар деген адамдардын саны 1 жылда 13 пайызга өстү. Ал эми Гонконг миллионерлер эң көп жашаган шаар деп табылды. Bloomberg басылмасы билдиргенине ылайык, Гонконгдо 10 миңден ашуун миллионер жашайт.
Wealth-X анализдөө долбоорунун аналитиктери түзгөн тизмеге 30 миллион доллардан ашык капиталы менен жашаган эң көп жашоочусу бар шаарлар кирген. Дал ушул шаарлардын сап башына Гонконг чыккан. Аталган шаар мурун 1-орунду ээлеп келген Нью-Йоркту экинчи сапка түшүргөн. Азыркы тапта ал жакта 8 миң 900 миллионер жашайт. Ал эми 3-орунга Япониянын борбор шаары Токио илинген, бул шаарда 6 миң 800гө жакын бай адамдар жашайт.
Бул тизмедеги ондукка Лос-Анжелес, Чикаго, Сан-Франциско, Вашингтон, Париж, Лондон, Осака шаарлары кирген.