КҮНСЕРЕП: Келечек мечиттеби же мектептеби? Жээнбеков баштап берген мектеп-мечит талкуусу күчөдү

Бүгүн, 7-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Швецияда "Telia" компаниясынын мурдагы 3 жетекчисинин иши боюнча соттук териштирүү башталды. Алар Өзбекстандын телекоммуникация рыногуна кирүү үчүн Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун кызы Гүлнара Каримовага 400 миллион доллар пара берген деп айыпталууда.

Коррупция боюнча Каримовага Өзбекстанда, Швеция, Швейцария жана АКШда кылмыш иштери ачылган. 2015-жылы Өзбек соту салыктарды жашыруу, уурдоо, опузалап акча талап кылуу беренелери боюнча аны 5 жылга эркинен ажыраткан. Жакында Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Гүлнара Каримованын Швейцариядагы банктардан акчасын кайтарып алуу аракети жүрүп жатканын билдирген. Расмий маалыматка таянсак, Швейцария банктарында Каримованын 800 миллион франк акчасы бар. Бул өлкөнүн банктары Өзбекстандан аталган сумманын 686 миллионун сурап ордер келгенин жарыялашкан.

Уурдалып, сыртка чыгарылып кеткен акчаларды кайтаруу Кыргыз бийлиги дегеле жасабай келе жаткан иш. Убагында Бакиевдердин каржы кеӊешчиси болуп жүргөн Евгений Гуревич жакында "Азаттыкка" курган маегинде Бакиевдер өлкөдөн 300 миллиондой доллар чыгарып кеткен деди. Ал Апрель революциясынан кийинки бийликке Бакиевдер чыгарып кеткен акчаны табуу боюнча иштешүүнү сунуштаганын, 2015-жылы Башкы прокуратуранын 2 өкүлү АКШнын Алабама штатына келип өзү менен жолугуп кетишкенин, андан кийин такыр байланышпай коюшканын айтат. Гуревичтин айтканына таянсак, уурдалып кеткен акчаларды кайтарууга бийлик кызыкдар болгон эмес.

Башкы прокуратура Гуревичтин билдирүүсү боюнча териштирүү башталганын билдирди. Бул маселе жакында Жогорку Кеӊеште көтөрүлөрү күтүлүүдө.

2011-жылдын апрелинен 2015-жылдын 15-январына чейин Башкы прокуратураны Аида Салянова жетектеп турган. Ал өлкөдөн уурдалып кеткен акчаларды кайтаруу боюнча башкы прокурор кезинде аракет жасап, өзү кызматтан кеткенден кийин иш токтоп калганын айтат. Салянова Алабама штатына барбаганын, Гуревич менен кезиккен эместигин билдирди. Экс-башкы прокурор Бакиевдер чыгарып кеткен акчанын суммасы 300 миллион доллардан көп дейт. 2009-жылы ал кездеги президент Курманбек Бакиев АКШнын "Ганси" аскердик базасын өлкөдөн чыгарууну убадалап, Орусиядан 300 миллион доллар насыя алынган. Акча которулгандан кийин Бакиевдин убадасы өзгөрүп кеткен. "Ганси" аскердик базасы Транзиттик жүк ташуу борбору деп өзгөртүлүп, база 2014-жылга чейин ишин улантты. Ал эми 300 миллион доллардын кайда жумшалганы коомчулукка белгисиз. Бакиевдерден тышкары деле коррупциялык жолдор менен байып, чет өлкөгө качып кеткен экс-чиновниктердин иштерин тыкыр иликтеп, мамлекеттин казынасынан уурдаган ар бир тыйынын эсептеп таап, кайтарып келүү мамлекеттик тийиштүү органдардын милдети. Эгер каалоо жана эрк болсо мындай иштерди жүзөгө ашыруу мүмкүн экенин Өзбек бийлиги далилдеп жатат. Уурдалган акчаларды казынага кайтаруу бийликтин коррупцияга каршы күрөшүнүн бир бөлүгү болушу зарыл...

Президент Сооронбай Жээнбековдун "Кыргыз өлкөсүндө мектептен мечит көп. Бул жакшы көрүнүш", - деген пикири коомчулукта талкуу жаратты. 2-сентябрь күнү Жээнбеков Бишкекте борбордук мечиттин ачылышында: "Өлкөдө мектептен мечит көбөйүп кетти деп жатышат. Мечит көбөйсө ыймандуу балдар көбөйөт, медресе көбөйсө ыймандуу жаштар көбөйөт", - деген эле. Жакында, Курман айт окулар алдында Бишкектин борбордук аянтында спикер Дастан Жумабековдун "муфтияттын айтканын кылсак бат өнүгөбүз" дегени да талкууга түшкөн.

Светтик өлкөнүн мамлекет жетекчилеринин бир динге жан тартуусу коомго тегиз жаккан жок. Расмий маалыматка таянсак, учурда Кыргыз жеринде 2227 мектеп, 2743 мечит бар, мындан тышкары 92 медресе иштейт. Мечит-медреселердин иши мамлекет тарабынан кантип көзөмөлдөнүп жатат? Ал жерде жаштардын аӊ сезимине ыйман гана сиӊирилип, дин туура түшүндүрүлүп жатат деген кепилдик барбы? Мындай суроолор медреселер маселеси көтөрүлгөн сайын кабыргасынан коюлуп, ынанымдуу, толук картинаны көрсөткөн жооп айтылбай келе жатат. 2017-жылы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева өлкөдө бир дагы медресенин билим берүүгө лицензиясы жок экенин айткан. Ал эми Жогорку Кеӊеш депутаттары медресенин ишин жалгыз муфтиятка жүктөө туура эместигин, андагы окутууну жалпы билим берүү программасына ылайыктоо зарылдыгын айтып чыгышып, бирок буга жетиштүү көӊүл бурулбай келе жатат.

Жакында интернет желесине Чүйдөгү айылдардын биринде жаш жигиттердин унаа менен "Аллах" деген арабча жазуусу бар кара желекти желбиретип көчөдө жүргөнү тартылган видео тарады. Бул ИГИЛдин желегиби деген суроолор жаралып, УКМКдан жооп күткөндөр болду. Ал эми УКМК алар жергиликтүү автоклубдун мүчөлөрү экени такталды, желекте арабча жазуу эмес, автоклубдун логотиби болгон деп башка эле желектин сүрөтүн жарыялап тим болду. Бул окуя жөн эмес, айрым күчтөр Кыргыздын тийиштүү органдарынын чамасын сынап, байкап жатышабы деген пикирлер жаралды. Жакында дин аалымы Чубак Жалиловдун мектептерде балдарды өзүнчө, кыздарды өзүнчө окутуу туура деген пикири да "мамлекеттик иштерге кийлигишүү" деп сын-пикир жараткан эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров светтик өлкө десе, динсиз мамлекет деп түшүнбөө керек, мечиттердин көбөйгөнүнө сүйүнөлү дейт. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы төрагасы Орозбек Молдалиев мечиттердин көбөйгөнүнө эмес, ал мечитте кимдин молдо экенине көӊүл буруу зарыл деген пикирде. Мечит менен мектепти бири-бирине салыштырбоо керектигин, булар таптакыр эки башка функцияны аткарган жайлар экенин айткандар дагы бар. Укук коргоочу Динара Ошурахунова мектептер, окуу куралдары жетишпей көйгөй көбөйүп турган шартта өлкө жетекчилеринин мечиттердин көбөйүшү жакшы деп айтканы туура эмес дейт. Бийликте турган жетекчилердин динге ыктаган сөздөрү ошентип коомчулукта эки тарап болуп айтышууларды жаратууда...

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөн көк бөрү оюнунун финалында Кыргыз курама командасы Өзбекстан командасын 32:9 эсебинде утуп жеӊүүчү аталды. Оюндун 1-бөлүгү 12:0 эсебинде жыйынтыкталды. Кийинки 2 бөлүктө Кыргыз курамасы атаандашына улак таштоого мүмкүнчүлүк берди. Ошентип 1-орунду Кыргыз курамасы, 2-орунду Өзбекстан командасы, 3-орунду Казакстандын улуттук курамы алышты. 1-орунду уткан командага 3 миллион сом, экинчиге 1,5 миллион сом, үчүнчүгө 1 миллион сом берилди.

Көпчүлүк Өзбекстан командасын финалга чыгат деп күткөн эмес. Көк бөрү күйөрмандары чечүүчү беттеште Кыргыз өлкөсү менен Казакстандын командаларын күтүп жаткан. Кечээ жарым финалдык оюнда Казакстан курамасы Өзбекстанга утулуп калган. Бул окуядан кийин улуттук курамдын мурунку капитаны Талас Бегалиев: "Казак командасы финалда Кыргыз оюнчуларына бет келбөө үчүн атайын утулуп берди", - деп чыкты. Ал эми Казак улакчылары финалга чыкпай калышын Кыргыз тараптан ижарага алынган аттарга шылтады. Кыргыз оюнчуларына теӊ тайлаша ала турган жалгыз Казакстан командасы экени белгилүү. Андыктан финал финалга окшобой, оюндун жүрүшү күйөрмандардын да купулуна толбой калгансыды. Ошентсе да көптөн бери атаандашып келе жатышкан эки команданын бирин утуп, финалга чыгуу менен Өзбекстан командасы быйыл көк бөрүгө жан киргизишти...


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан