Эртең мушкер Валентина Шевченко UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн беттеш өткөрөт

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан атактуу мушкер Валентина Шевченко АКШнын Даллас шаарында UFC уюмунун эң жеңил салмагы аталган 57 килограммга чейинки салмак ченинде америкалык чемпиондук кур үчүн беттеш өткөрөт.

Валентина Шевченко 2018-жылдын башында 56 килограммга чейинки салмак категориясына өтүп, алгачкы беттешинде Присцилла Качоэйраны утуп алган. Андан соң Шевченко дароо эле жеңил салмак ченинде 1-орунга көтөрүлгөн.

Эми UFC уюму Валентина Шевченкого жеңил салмак ченинин чемпиондук куру үчүн беттеш өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берүүдө. Анда Шевченко 8-сентябрь күнү АКШнын Даллас шаарында "UFC 228" мелдешинин алкагында Никко Монтано менен беттешмекчи.

Ал эми кечээ, 6-сентябрда Даллас шаарында эки мушкерди таразага тартуу менен бирге беттеш алдындагы маалымат жыйын болуп өткөн.

Эске салсак, буга чейин Шевченко 61 килограммга чейинки салмак ченинде 5 беттеш өткөрүп, 3 жолу жеңишке жетсе, 2 беттеште мушкер Аманда Нуньеске утулуп калган. Валентина Шевченко - КМШ өлкөлөрүнүн ичинде кыз-келиндер арасында UFC уюмунун чемпиондук куру үчүн ат салышкан алгачкы кыз.

Никко Монтанонун ачык машыгуусу
Валентина Шевченконун ачык машыгуусу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Bars88
2018-09-07 12:06:45
Ак жол утуп ал.Спортсмендерден эн сыйлаганым сенсинби.Кыргызстандын атын чыгарып журо бер
+4
rysik79
2018-09-07 12:34:06
Валя жеңет буйруса!
+4
futboler
2018-09-07 14:27:23
Ийгилик
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан