Бишкек-Ош унаа жолунда күйүүчү май ташыган унааларга киргизилген убактылуу чектөө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 7-сентябрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ, 6-сентябрда саат 20:00дө унаа кырсыктарын жана тыгындарын алдын алуу максатында күйүүчү май ташыган унааларга убактылуу чектөө киргизилген. Бүгүн эртең менен саат 6:00дө чектөөлөр алынды.
Белгилүү болгондой, күйүүчү май ташыган унааларга Жайыл районундагы "Сосновка" жана Токтогул районундагы "Арал" постунда чектөөлөр киргизилген болчу.