Бүгүн, 7-сентябрда Ысык-Көл облусунун Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өткөрүлгөн эр эңиш боюнча мелдештер жыйынтыкталды. Анда балбандар 5 салмактык ченде күч сынашып, бардык салмак чендеринде кыргыз балбандары жеңишке жетишкен.
Бирок Казакстандан келген спортчулар өз нааразычылыктарын айтып, калыстардын чыгарган чечимдерине каршы экенин айтышууда. Алардын айтымында, калыстар казак балбандарына тийиштүү упайларды бербей, ал гана эмес бир кармашта аттан жерге кулап түшкөн балбанга оюнду улантууга мүмкүнчүлүк гана бербестен жеңишти да ыйгарып коюшкан.