Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев: “Мечиттердин көп болгону маселе эмес, ошол мечитте ким молдо, ошого көңүл буруу керек”

Президент Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги жаңы борбордук мечиттин ачылышында: "Кыргыз өлкөсүндө мектептен мечит көп. Бул жакшы көрүнүш. Кээ бири мектептен мечит көбөйүп кетти деп айтат. Мечит көбөйсө ыймандуу балдар көбөйөт" деп айтты. Буга чейин Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков да Курбан айт майрамы күнү "муфтият өкүлдөрүнүн насааттарын уксак, өлкө тез өнүгөт" деп элди куттуктаган. Өлкө башындагы эки таасирдүү адамдын мындай диний чакырыктарын светтик өлкөнүн коомчулугу кызуу талкуулап, айрымдары сындаса, кээ бир жарандар колдоого алган. Бул талкуу бүгүн да уланууда. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Светтик өлкөнүн бийлик башчыларынын "мечиттер көп болгону жакшы" деп чакырык таштаганы туурабы?" деген соболуна Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Орозбек Молдалиев жооп берди.

Ал коомчулук мечиттердин көбөйгөндүгүнөн чочулабашы керек деген пикирде.

"Светтик мамлекетте дин мамлекеттик башкаруудан бөлүнгөн деп айтылат. Бизде мамлекеттик башкаруудан динди таптакыр бөлүп коё албайбыз. Элибиздин ичинде динге ишенгендер көп. Ал эми бийлик башчыларынын бул сөздү кандай контекст менен айтканын кароо керек. Эгер жөн гана “мечиттер көп болгону жакшы” деп айтылса ал туура эле. Эгер мечиттерди мектептер менен салыштыруу иретинде айтылса, анда маселе жаралышы мүмкүн. Мурда эски бийлик учурунда бир-эки саясатчынын "мечиттен мектеп көп болуп кетти" деп айтканы бар. Бул экөөнү салыштырып болбойт. Бири билим берсе, бири таалим-тарбия берет.

Дегеле мечиттердин көбөйгөнүнөн чочулабаш керек. Мамлекетибиз жаңы гана калыптанып келе жаткандыктан көп нерсе менен мамилеси бир жолго түшө элек. Дин менен деле ошондой. Эл деле диндин өзүнөн чочулабай эле турушат. Экстремизм, терроризмге байланыштырып, чочулап жатышкандай. Мечиттердин көп болгондугу маселе деле эмес. Ошол мечиттерде ким имам - ошол башкы маселе. Имам динди туура жеткирсе, туура ыйманга чакырса бул жакшы да. Бардык мечиттер ханафий мазхабы менен туура саясат алып барса, элде эч кандай чочулоо болбойт. Экстремизм менен терроризмге да жол берилбейт”, - деди Молдалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаров, "Ыйман" диний маданиятты өнүктүрүү фондунун төрагасы Нуржигит Кадырбеков, мурдагы билим берүү жана илим министри Каныбек Осмоналиев, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, укук коргоочу Динара Ошурахунованын пикири бул шилтемеде.


кошулду
Кыргызстанда мектептен мечит көп, бул жакшы көрүнүш
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан