super.kg logo

Бизнес баштайм десеңиз жагымдуу жаңылык! Бишкекке балдардын бренддик кийимдерин чыгарган Түркиянын 70 ишканасынын өкүлдөрү келет

 

11-сентябрда Бишкек шаарындагы "Дамас" отелинде балдар жана бөбөктөр үчүн кийим-кече өндүрүүчүлөрүнүн ири форуму болуп өтөт. Форум Бурса шаарынын Соода жана өнөр-жай палатасы менен Түркиянын Соода министрлигинин колдоосу алдында уюштурулуп жатат.

Форумга балдар үчүн кийим-кече өндүрүшү менен алектенген жетимиштен ашуун түрк ишканаларынын өкүлдөрү катышат. Иш-чара кыргыз ишкерлери үчүн жаңы кызматташтыктарды жаратуу жана бренддик балдар кийим-кечесин алып келүү боюнча келишимдерди түзүү мүмкүнчүлүктөрүн жарата турган уникалдуу аянтча боло алат.

Форумга катышкан түрк ишканаларынын көпчүлүк бөлүгү балдар кийим-кечесин өндүрүү тармагында 15 жылдан ашуун убакыттан бери эмгектенип, чет өлкөлүк рынокторго чыгуу багытында ири потенциалга ээ. Түрк ишканалары аймактык жана дүйнөлүк рыноктор үчүн жаңы моделдерди өздөрү иштеп чыгышат. Бүтүндөй Түркия мамлекети үчүн балдар кийим-кечесинин 80 пайызы Бурса шаарында тигилет. Өлкө боюнча 4 миңге жакын тигүүчү цех менен фабрикада 60 миң киши жумуш менен камсыз болгон.

Өткөрүлө турган форум эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда кызматташтыкты орнотуу үчүн маанилүү этап боло алат. Иш-чаранын алкагында Бурса шаарынын Соода жана өнөр-жай палатасы менен Кыргыз Республикасынын Соода жана өнөр-жай палатасынын ортосунда балдар кийим-кечесин өндүрүү жана сатуу тармагында өз ара кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлушу күтүлүүдө.

Кыргызстандык жана Борбордук Азиянын бардык аймагынан келген 500 ишкер катыша турган форум жергиликтүү бизнести өнүктүрүү жана ошондой эле эки өлкөнүн ишкерлеринин кызматташтыгынын жаңы форматтары үчүн негиз түзө алат.

Бардык кошумча суроолор боюнча төмөнкү дарекке-телефонго кайрылыңыздар:

Тел.: 0559 98 02 35 Үмүт, 0557 21 86 83 Назгүл.

Е-mail: conference@concept.kg


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
09.09.2018. 18:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
42
Катталган:
11-03-2018
Соӊку аракети:
23-09-2018 15:37
Жынысы:
Белгисиз
+8
Биздин ар кайсы бурчта жайнаган тигуу цехтерин бириктирип, ушинтип импорт кылсак неге болбойт? Бизде турктордукунон ашкан кийимдер бар. Чиновниктер тиги кочмондор оюнунда эс алып, бийлеп журушот.
10.09.2018. 12:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
17-05-2011
Соӊку аракети:
21-09-2018 22:50
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
0
Биздин соонун кийимдерди сатсан албай,
Андан коро ону очсо да турецкий деп сатсан элдин баары алат. Оз агасын агалай албаган киши агасын сагалайт деген чын соз экен
10.09.2018. 14:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
127
Катталган:
13-03-2012
Соӊку аракети:
22-09-2018 16:36
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кыргызстан
+2
Биздин ондурушчулордун тиккен кийимдери эптемей кобунчо. Бир жуусан эле сапатын жоготот же
Тиккен жиптери согулот.
10.09.2018. 14:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
2
Катталган:
20-12-2017
Соӊку аракети:
19-09-2018 11:50
Жынысы:
Белгисиз
0
Турктордун кийимин албайбыз. Озубуздун кийимдерди алабыз. Жакында Эрдогандын Маариф деген коркунуч туудурган ислам диний уюмдары бизде озунун идеялогиясын жургузо башташат. Ага да моюн сунбаш керек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114548;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: