Мушкер Валентина Шевченконун атаандашы Никко Монтано чемпиондук курунан айрылды

Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер Валентина Шевченконун атаандашы Никко Монтано ден соолугуна байланышуу беттештен баш тарткандыгы үчүн чемпиондук курунан ажыратылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар UFC'нин башчысы Данна Уайтка таянуу менен жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, учурда чемпиондук титул ээси жок калган. Бул наам үчүн Валентина Шевченко таймашка чыгат.

"Шевченко титул үчүн кармашка чыгууну чын эле каалап турат. Ошондуктан ушул жылдын соңуна чейин биз башка таймашты уюштурабыз. Бул маселе учурда каралып жатат", - деген UFC'нин башчысы Уайт.

Никко Монтано 2017-жылы америкалык Роксана Модафферини жеңип, кыз-келиндер арасындагы UFC'нин чемпиондук курун тагынган.

Эске салсак, 8-сентябрда америкалык кур үчүн Кыргыз өлкөсүнөн чыккан мушкер Валентина Шевченко америкалык мушкер Никко Монтано менен беттешмек. Бирок Никко Монтанонун беттеш алдында ден соолугу начарлап, ооруканага жеткирилгендиктен, беттештин мөөнөтү жылдырылган. Шевченко атаандашынын бул аракетин сынга алып, атайын качып жатат деп билдирүү жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
futboler
2018-09-09 13:12:30
Туура кылат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан