Бүгүн, 9-сентябрда Москва шаарынын Новочеркасский бульварында Кыргыз жараны унаасы менен мекендештерин сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен 5 адам жабыркап, дагы бир адам каза болгон. Унаа адамдар өтүүчү өтмөктөн эки адамды сүзүп, андан ары жолдон чыгып өтмөктөн өтүүгө даярданып турган адамдарды барып сүзгөн. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 8-сентябрдан 9-сентябрга караган түнү аталган бульвардагы эс алуучу жайлардын биринде Кыргыз жарандары чогулуп, таңды тосушкан.
Окуяга шектүү катары айдоочу кармалып, ал Кыргыз мамлекетинин Бекжан Сарбишев аттуу жараны экени аныкталган.
Бекжан Сарбишевдин айтымында, кечеде мекендештери менен отуруп ортодо түшүнбөстүктөр чыккан. Кайым айтышуу мушташууга чейин жеткен. Бекжан Сарбишев ачууланган бойдон унаасына отуруп, катуу ылдамдыкта айдап жөнөгөн. Анын кесепетинен жөө жүргүнчүлөрдү көрбөй калган. Сарбишев өзү да ал жерде өтмөктөр бар экенин, адамдарды кантип сүзүп алганын түшүнбөй калган.
Ал эми окуянын күбөлөрү жаракат алгандардын бардыгы Кыргыз жарандары экендигин айтышкан. Алар окуя Марьино районундагы Новочеркасск бульварында жайгашкан кыргыздардын "Соло" деген түнкү клубунун алдында болгонун айтат. Кырсыкка кабылгандар ооруканага жеткирилген.
SUPER.KG порталы Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматкери Гүлбарчын Байымбетовага кайрылганда, ал мындай окуя бүгүн болгонун маалымат каражаттарынан билгенин айтты.
"Бул тууралуу биз бүгүн жергиликтүү маалымат каражаттарынан уктук. Биздин юристке тапшырганбыз, учурда тактоо иштери жүрүүдө, маалымат толук такталган соң кабар беребиз", - деди Байымбетова.