super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 10-СЕНТЯБРЬ: "Туулган күнүмдү досторумдун курчоосунда эс алуучу жайлардын биринде белгилейм" дейт 28 жашка толгон ырчы Нурлан Насип

 

Бүгүн кыргыз эстрада ырчысы, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Супер ырчы мырза" наамынын үч жолку ээси Нурлан Насип 28 жашка толду. Ал 1990-жылы 10-сентябрда Токтогул районунун Терек-Суу айылында туулган. 5 бир туугандын төртүнчүсү. Ал 9-класска чейин туулган айылында билим алып, кийин борбордогу Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырган. Бүгүнкү туулган күнү менен куттуктап байланышка чыкканыбызда, ыраазычылыгын билдирип, буларга токтолду.

"Туулган күнүм түндө эле башталган. Түнкү саат 12ни какканда эле бир туугандарым куттуктап сюрприз жасап, маанайымды көтөрүштү. Туулган күнүм ата-энем, бир туугандарым, жубайымдын курчоосунда өтүп жатат. Жакындарымдын жакшы куттуктоо сөздөрүн угуп, маанайым абдан жакшы. Ал эми бүгүн кечинде жакын досторумдун курчоосунда Бишкектеги эс алуучу жайлардын биринен өткөрөм" дейт ырчы.

"Супер-Инфо" гезитине берген маегинен үзүндүлөр:

  • "Күнүмдүк жашоодо тоналка такыр колдонбойм. Бирок чоң концерттерде, телеберүүлөргө чакырса, клип тартканда грим кылууга туура келет. Анткени бул нерсени мен эле кылбайм, бардык эле чыгармачыл мырзалар бетине тоналка сүйкөшөт".
  • "Мага келбетти оңдоткон жакпайт. Кыздар, капа болбогула, бирок келбетти өзгөрткөн машинанын бампери урулуп калып жасалат го, ошого окшошуп калат. Мисалы, 2006-жылы чыгарылган машинаны 2011-жылкы кылып жасап койгондой".
  • "Мен үйдө эки эжем, бир байкемден кийин төрөлгөндүктөн өтө эрке өстүм. Мектепке окуганга чейин апамдын эмчегин эмип жүрдүм. Эсимде, үйгө коноктор келип, апам мени тынч отурсун деп алдына алып эмизип койду. Алар менен берилип сүйлөшүп отурат, такыр мага көңүл бурбай койду эле, апамдын бетине шак эткизип чаап ийдим. Азыр ойлосом акылым деле жетчү экен, эмнеге чаптым десеңиз. Атам эрке болгонума карабай ушул баламдан бирдеме чыгат деп башка бир туугандарымды чычалата берчү.

Ырчы ата-энеси, бир туугандары менен

  • Кичинекейимден комуз, аккордеон, гитара ойногонду үйрөндүм. Акчадан кыйналып жашайт элек. Атам«бюджетке өтсөң окуйсуң, контракт бөлүмү болуп калса айылга кетесиң» деген. 2006-жылы 9-классты бүтүп, Мураталы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, өтүп кеттим. Атам мени жатаканага жашаткандан кооптонуп туугандардыкына таштап кетти. Таежемдикинде, бөлөмдүкүндө, таякелеримдикинде, айтор, шаардагы туугандардын баарыныкында жашадым. Бирөөсүнүн жактырбай жатканын байкап калсам башкасыныкына кетип калмайым бар эле.Ошол кезде акчаны ушунчалык үнөмдөчү экем, троллейбуска 1 сом төлөп, 3 сомго лакомка алып жеп, 200 сомго 1 ай жашачумун".
  • Бир күнү ырларымды радиого берели деп Тынчтык байке фамилиямды сурап калды. "Нурлан Мусаев" десем жактырбай койду. "Атамдын аты Насипбек" десем, "анда чыгармачылыгың насиптүү, жемиштүү болсун" деп Нурлан Насип койгон. Ошол күнү Ильгиз деген досум менен маршруттук таксиде келе жатып "сахнада Ильяз Абдыразаков" десем жарашат, "сахнада Нурлан Насип" десем кыска болуп эч эле окшошпойт экен, ээ?" деп суроо берип аны тажаткам. Кийин көнүп кеттим, азыр мага Нурлан Насип деген жагат.
  • 2009-жылы "Унута албайм" деген ырым радиолордон кетип, хит болуп турганда Политехникалык университеттин жатаканасында айылдаш байкелер менен жашачумун. Ал жердегилер менин ырдаганымды билип калышып, "сен Нурлан Насип турбайсыңбы" деп бөлмөгө чейин издеп келип тажатканда батирге көчүп кеттим. Анан алгач сиздердин гезитке интервью берип чыкканымда мени бүт кыргызстандыктар окуп жатат деп аябай сүйүнгөм.
    2012-жылы "Супер ырчы мырза" болгонумда төбөм көккө жете кубанып, анан катуу иштеп 3 жыл катары менен "Супер ырчы мырза" аталдым. Учурда мектептеги да, окуу жайдагы да мугалимдерим сыймыктанышат. Өткөндө окуу жайдын директору "ырчы болом деп чогулгандардын арасынан суурулуп чыгуу деле оңой эмес, азаматсың!" деп кубантты. Бирок мени жактырбай келбетиме, ырларыма асылгандар бар. "Бул айылдан келген "мырк" дешет экен. Элдин баарына бирдей жакпайсың да".
    Ырчы ушул жылдын апрель айында 7 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн кесиптеши, сүйүктүүсү Асел Кадырбековага баш кошкон. Таттуу түгөйлөр алгач калың элден бата алуу максатында той-концерт өткөрүшкөн. Ал эми заманбап үлпөт тоюн май айында өткөрүп, интернет айдыңында катуу талкууга алынган.
    Таттуу түгөйлөрдүн өкүл ата, өкүл энеси болуп кыргыз эстрадасында үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарын толуктап келе жаткан бал шириндер Урмат Усенов менен Неля шайланган.
    10-сентябрдын жылнаамасы


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 4 
Комментарийлер(1)
10.09.2018. 20:35 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
0
Катталган:
18-08-2018
Соӊку аракети:
16-09-2018 19:09
Жынысы:
Белгисиз
-3
Тажатты ушу насип менен анжелика дегендер, булардын аажатканага баргандарын деле чыгара бергилечи токтотпой.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: