Сергей Собянин Москва шаарынын мэри болуп кайрадан шайланды. Бул тууралуу Собяниндин расмий сайтына шилтеме берүү менен орусиялык ЖМКлар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Москва башчысын шайлоодо 5 талапкер ат салышты.
"9-сентябрда болуп өткөн шайлоодо Москванын буга чейинки мэри Сергей Собянин, Таганский муниципалдык округунун башчысы Илья Свиридов, Мамлекеттик думанын депутаты Михаил Дегтярев, Мамлекеттик думанын экс-депутаты Вадим Кумин жана ишкер Михаил Балакиндин талапкерлиги коюлган. Натыйжада шайлоочулардын 74 пайызынын добушу менен Собянин кайрадан мэр болуп шайланды", - деп жазышты басылмалар.
"Бул шайлоонун мен үчүн мурункулардан айырмасы бар. Федералдык мыйзамга ылайык, Москва мэри болуп шайланууга башка укугум жок. Менин акыркы мөөнөтүм. Ишеничиңер үчүн рахмат", - деп айткан шайлоодон кийин Собянин.
Собянин 2010-2013-жылдардагы шайлоодо да мэр болуп шайланган. Бул ирет ал үчүнчү мөөнөткө аталган кызматка киришүүдө.