New.Flatfy.kg - сатылып жаткан бардык батирлер жана үйлөр бир тизмеде!

Flatfy издөө-программасы курулуп жаткан үйлөрдүн тизмесин түздү: Кыргыз жергесинде канча жаңы үй курулууда?

Flatfy издөө-программасы Кыргыз өлкөсүндөгү жаңы курулуп жаткан үйлөрдүн тизмесин түздү. 152 курулуш компаниясынын учурда курулуп бүткөн жана курулуп жаткан 283 турак жай комплексин азыр көрүүгө болот.

Көп адамдар үйдү жашоодо бир алат, ошондуктан бул маанилүү жана жоопкерчиликтүү кадам. Кардарлар жеке үйдү сатып алууда кыялданат жана толкунданат, ошондуктан IT-программа аларга кантип жардам бере аларын билиш үчүн Flatfy сурамжылоолорду жана изилдөөлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүп турат. Көп учурда төмөнкү маселелер жана суроолор жаралат.

Тандоону эмнеден башташ керек?

Кардарлардын негизги көйгөйү - бул үйдү сатып алуудагы тажрыйбанын жок экени. Турак жайда канча батир бар, дубалдар кандай материалдан жасалган - ушул суроолорго жооп алыш үчүн ар кандай форумдарда издөө өтө көп убакытты талап кылат.

Ошондуктан Flatfy командасы бардык турак жай комплекстерди таап, алар тууралуу маалыматтарды табууну жеңилдетти. Сиз каалаган үйдү тандап, башкалар менен салыштыра аласыз!

Биз эмнеге жетиштик: 145 курулуш компаниясынын Бишкектеги 271 долбоору учурда бир сайтта - New.flatfy.kg!

Үй кайсы жерде курулуп жатат?

Биз турак жай комплекстерди картадан көрүп тандоого мүмкүнчүлүк түздүк. Бул жерден сиз үй кайсы жерде курулуп жатканын, анын жанында кайсы мектеп, бала бакча, сейил бактар, көчөлөр бар экенин көрө аласыз. Изилдөөлөргө таянсак, Бишкектеги кымбат эмес батирлердин бир чарчы метри үчүн баалар 23 миң 850 сомдон башталат. Кымбатыраак элиталык үйлөрдө бир чарчы метр үчүн баа 51 миң сомдон башталат.

Кандай коркунучтар бар, анткени бул инвестиция да?

Курулуп жаткан турак жайдан батир сатып алуу – бул инвестиция. Жаңы батирлердин 50 пайызы фундамент куюлуп жатканда же турак жай курулуп жатканда сатып алынат. Эч нерсеси жок калуудан корккондуктан кардарлар даяр батирди сатып алууну тандашат.

Ошон үчүн кардарлар "инвестициялоонун коркунучтарын" жакшыраак баалашы үчүн биз тизмеге "активдүү" долбоорлорду гана эмес, аяктаган долбоорлорду да коштук. Курулуш компаниялардын ар биринин баракчасында сиз компаниянын качантан бери иштеп жатканын, канча долбоорду ишке ашырып жатканын жана канчасын бүтүргөнүн көрө аласыз.

Мунун баары ыңгайлуубу?

Flatfy.kg программасына компьютер, планшет, уюлдук телефон аркылуу кире аласыз. Мындан тышкары өзүңүзгө жаккан турак жай комплекстерин "тандалган" бөлүмүнө кошуп, бул долбоорлор жөнүндө жаңы маалыматтарды улам алып тура аласыз.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан