super.kg logo

Москвадагы кырсыкка шектүүнүн атасы: "Уулум ачууга алдырды. Окуяга чейин аны 10 бала шылдыңдаган"

 

Орусиянын Москва шаарында Кыргыз жарандарын сүзүп кеткен окуяга күнөөлөнүп жаткан жарандын бир кулагы такыр укпайт, II топтогу майып. Ал дайыма угуучу аппарат тагынып жүрөрүн шектүүнүн атасы Иса Жүжүбаев SUPER.KG порталына айтып берди.

"Менин 2 уул, 3 кызым бар. Бекжан үйдүн улуусу. Уулум 2 айында менингит менен ооруп, Өзгөн шаарындагы ооруканадан жүлүнүнөн суу алдырганбыз. Ошондо кулагына доо кетип жакшы укпай калыптыр. Аны дайыма медициналык кароодон өткөрүп турчубуз. Жубайым экөөбүз уулубузду алып Орусиянын Екатеринбург шаарына иштеп кеткенбиз. Ал жакта жүргөндө Бекжанды медициналык кароодон өткөрө албай калдык. Анткени жарандыгы жок болсо карабайбыз деген маселелер көп болчу. Ошондо үй-бүлөбүз менен Орус жарандыгын алдык. Екатеринбургда 2 жылдан ашык убакыт иштеп, кийин Свердлов районуна кетип калдык. Ал жактан дарыгерлер Бекжанга угуучу аппарат керек экенин, бир кулагы такыр укпайт, экинчи кулагы жакшы укпайт экен дешти. Ошондо уулум 3-класста окуп жүргөн. Биринчи жолу угуучу аппарат такканда эшикке чыккан Бекжан "чымчыктардын сайраганын, унаалар жүрүп бара жатканда кандай үн чыгарын биринчи жолу уктум" деди. Марьино районуна келгенден кийин мен кичинекей балдарымды алып айылга келе бердим. Айылга келгениме бир жарым жыл болду. Москвада жубайым, уулум жана кызым иштеп жатышкан", - дейт Жүжүбаев.

Ал эми Бекжандын жөө жүрүүчүлөрдү сүзүп алгандыгы тууралуу жалпы маалыматы бар экенин айтты.

"Кызымдын туулган күнүн белгилеп коёлу деп 4 киши кафеге барышкан экен. Алар эс алган жайда 10дон ашык жигиттер топтолуп отуруптур. Жигиттер кыздардын бири менен таанышабыз деп келгенде уулум "тийишпегиле" деп коргогон. Бирок алар намысына тийген сөздөрдү айтып, түрткүлөгөн экен. Жаңжал кафенин ичинен эмес, сырттан чыккан. Анда менин кызым, анын курбусу, жээнибиз жана уулум унааны көздөй баратканда баягы жигиттер Бекжанды ортого алган. Уулумду бири түртүп, экинчиси колундагы телефонун алып, дагы бири кулагындагы угуучу аппаратты жулуп, ыргытып, шылдыңдаган. Угуучу аппаратты алып салганда Бекжандын ачуусу келип, психикалык өзгөрүүлөр боло баштайт. Ал 10 чакты баланын тобунан качып кетет. Бекжан ачуусу менен унаасына отуруп, айдап кеткен", - деди үнү каргылдана.

Эске салсак, Москва шаарындагы Марьино районунда 20 жаштагы жигит Кыргыз жарандарын унаасы менен сүзүп кеткен. Окуянын күбөлөрү күнөөлүү делген жигит Кыргыз жараны экенин айтып, кырсык бир кызды талашкан эки жигиттин урушунан келип чыкканын айткан. Ал эми кырсыкка шектүүнүн карындашы орус маалымат каражаттарына окуянын чоо-жайы тууралуу айтып берген. Ошондой эле атасынын бир тууганы Сулайман Жүжүбаев да кырсык тууралуу SUPER.KG порталына айтып берген.


SUPER.KG порталы экинчи тараптын да ой-пикирин угуп, жарыялоого даяр.


кошулду


 
 Тектеш кабарлар 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(37)
10.09.2018. 12:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
838
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:43
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ич ара чечишип алыш керек башка жерде кор болбойт. Кыргыздар экенбиз баарыбыз.
Аябай өкүнүчтүү окуя, бирок бир ынтымакка келип чечишип алсаңар жакшы болот.
10.09.2018. 12:34 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
81
Катталган:
04-01-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:21
Жынысы:
Белгисиз
+19
Эгер атасынын айтканы чын болсо тиги балдар да куноо мен деле карындашымды коргомокмун эмне болгон чакта да ботон жерде сабрдуу болуп жургонго аракет кылыш керек
10.09.2018. 21:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:50
Жынысы:
Белгисиз
-11
Jango, машине менен сузуп коргойт белен?!!
11.09.2018. 08:59 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
283
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 14:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
+2
Chagylgan2, колунан келгенин кылмак да...... негизи провокацияга алдырган учурда, адам өзүн башкара албай калат эмеспи...
11.09.2018. 12:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
265
Катталган:
10-08-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 12:39
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chagylgan2,анан 1 адамдын 10 балага кантип алы жетеби
10.09.2018. 12:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
51
Катталган:
08-03-2018
Соӊку аракети:
16-09-2018 19:11
Жынысы:
Белгисиз
+11
Ошондо бул жигит өзүнө тийишкен 10 дой балдарды койдубу? же аларга ачууланып башка эле топтолуп турган элдерди койуп кеттиби? Кенедей эле кызга туулган күнүндө кафеде бышырып коюптурбу?.
10.09.2018. 12:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
169
Катталган:
11-08-2015
Соӊку аракети:
12-09-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
-6
Кой жазасын алсын мындайлар кобойуп кетти
10.09.2018. 12:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
43
Катталган:
03-03-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 21:37
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Нарын
+3
Кимге оор...ата энеге....ата эненин эле жаны кашайвп аткан учуру...эх кыргызым талаалап журуп,озубузду озубуз басып бутмой болдук
10.09.2018. 12:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
23
Катталган:
20-03-2017
Соӊку аракети:
11-09-2018 15:30
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ар бир адамдын озунун чындыгы бар
10.09.2018. 12:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
380
Катталган:
25-03-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:48
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар кимиси ар кандай айтып жатышат. Баланын өзүнөн сураш керек
10.09.2018. 13:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
623
Катталган:
02-04-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:57
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне эле бир тараптуу маалымат таратып атасынар супер?
10.09.2018. 13:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
894
Катталган:
12-09-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 22:54
Жынысы:
Белгисиз
+8
Эмне деп актанбаганда да адам омурун алгандан кийин жана ошончо адамдын денесине залака келтиргенден турмого отургузат го дейм.Бирок ошол шылдындаган балдар да жазасыз калбаш керек...
10.09.2018. 13:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
07-11-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:12
Жынысы:
Белгисиз
+11
ХХХХХХХ болуп тийишпей эле коюшпайбы анан кызга, ушу кыргыз балдар ХХХХХХ болуп тогузу ону биригип кол салышат бирооно былжырап арака тоюп алышып, анан ушуну корушотда тартиби жоктор
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-10 14:30:26
10.09.2018. 13:23 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
733
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 16:53
Жынысы:
Белгисиз
+8
Майыпты шылдындагандарга ХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-10 16:19:50
10.09.2018. 13:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
201
Катталган:
07-11-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:12
Жынысы:
Белгисиз
+5
barakcha,туура ХХХХХХХ топтошкон оздору тийишиптирго, оно бироно жабылып кол салып, ушундай ХХХХХХ ХХХХХХ сузгон балага эле жалко
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-10 16:20:13
10.09.2018. 13:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:59
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул баланын бир кулагы укпайт экен, менин дагы бир кулагым укпайт, бироо шылдындаса тенелбейм деле, кийин озунун балдары ошондой болуп калсын деп ичимен эле каргап койом
11.09.2018. 09:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
283
Катталган:
07-02-2014
Соӊку аракети:
18-09-2018 14:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Каракөл
0
tina.kg, балдарын эмес өзүн эле каргасаңыз.... балдарында эмне күнөө?
10.09.2018. 13:53 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
14
Катталган:
14-05-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:59
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эмне баары эле актанатго, балам ак, иним куноолу эмес, дешип, сузгон адам куноолу камагыла
10.09.2018. 14:33 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
38
Катталган:
26-01-2016
Соӊку аракети:
17-09-2018 22:05
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+12
Оа кулагы укпаса,алар шылдындаса, карындашын коргой албаса баары эле ошентип жинденип кетсе керек. Ачууга алдырып. Ошо тийишкен балдарды сузгон болсо мен ыраазы элем. Бейкуноо балдарды азапка салып койбоду бекен. Эркек экен бирок! Озу жаш болсо кызуу кандуулукка алдырган жери аябай окунучтуу! Аллах ынсап берсин баарына!
10.09.2018. 14:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 10:07
Жынысы:
Белгисиз
+6
Озу токтоо бала экен кулагындагысын алганда чын эле бакшача болуп калат окшойт эмесе мынчалыкка барбайт эле дейм
10.09.2018. 14:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
40
Катталган:
22-03-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 10:07
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ал кичинесинен кулагына таккан экен ага чейин баарын угуп урушуп жатып Бир заматта укпай калса жаман болгон окшойт кулагы укпаса суйлой да албайт да
10.09.2018. 15:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
24-10-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 18:14
Жынысы:
Белгисиз
+12
Аябай ичим ачышып кетти бул жигитке,10 чакты мээ си жок жигит аракты ичип алып жалжандап кыздарга тийишип, анан алар отослать этип коюшса,эдирендешип кыздарды уят создор менен кемсинтишкен,жигит анан коргогон да карындаштарын жана конокторун.Анысы аз келгенсип эргулдар бул жигитти да мазакташып,кулагындагы аппаратын жулуп алышса. Состояние аффекта болуп анан машинасы менен койдуруп жиберген. Москвада биртике акча таап алып кутурган кыргыз жигиттерине сабак болсун бул окуя.
10.09.2018. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
191
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:25
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул маселени кыргыздар талкуулап кереги жок, силердин созунор воздух эле. Орустар чечет.
10.09.2018. 16:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
790
Катталган:
30-06-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:11
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ордолуу - Ош
+10
Эх жигиттер ботон жерде оз карындаштарын кемсинтет,тийишет,зордошот,тоношот ынгайы келсе.Агасы турса тийишип шакалдар 1 адамга кол салышып. Эркектей эле болгулачы. Жат жерде бири биринерге тирек болсонор. Кавказ, орусту корсонор кирчу жеринерге кирип кетесинер, кыргызды корсонор арыстан, шер болуп озунорду корсотосунор. Уят.
10.09.2018. 16:40 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
16-05-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 15:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
О́н адам бир адамга асылып ХХХХ ХХХХХХХ анан он адамга кучу жетпесе не кылсын байкуш
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-10 16:45:36
10.09.2018. 16:45 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
28-02-2015
Соӊку аракети:
18-09-2018 19:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде кандай болсо да сузгон бала куноолу, мени шылдындап коюшту деп эле элдерди сузгон болмок беле, баары эле дардаландап журуп кырсыкка кабылганда эле байкуш боло калабыз, ошончолук эле тиги 10 бала кол сала баштаса милиция деле чакырса болот болчу. Бул жерде кырсык эмес атайылап адам олтуруу болуп жатат
10.09.2018. 17:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
62
Катталган:
08-07-2011
Соӊку аракети:
10-09-2018 17:00
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+4
Ар бир кыргыздын Россияда жүргөн жаш ини-карындаштары бар болуш керек айтып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турушубуз зарыл. Ар бири өзүн так жооп берчүдөй алып жүрүшсүн да кафеде болобу башка жерде болобу бирөөнүн кызына баласына тийишпей. Качан маданияттуулукту үйрөнөбуз???
10.09.2018. 21:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:50
Жынысы:
Белгисиз
-5
Эй ата ХХХХХ ХХХХХХ ХХХХХХ Туштон кийин эмне актанасын?!! Балээ барбы уул-кызынды тунку клубга жонотуп.ХХХХХ ХХХХХ
Калп суйлогондон уялбайсынбы балдардан качып башкаларды сузуп алган деп жомок айтпай. Жакшы дагы видеосу бар экен, видеодо аиайылап барып сузгону корунуп турат!!!

Жазасын алсын эми балан!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 09:50:08
10.09.2018. 21:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:50
Жынысы:
Белгисиз
-3
Публикага ойнобой эле кой, байкуш корунуп. Эгер ошондой болуп баланды шыллындаган кундо да унаа менен элди сузгону ото ото туура эмес. Сенин уулун бутундой кыргыз элин жаман атты кылып жек корсотуп отурат. Россияда он миндеген кыргыз жигиттери таксист болуп иштеп уй-булосун багат. Сенин баландын ХХХХХХ ошолорго залакасы тийбесе болду эми. Мисалы кыргыздарга унаа айдоого же таксист болуп иштоого тыю салса, сен багасынбы ошончо уй-булону?!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 09:51:06
10.09.2018. 21:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
125
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:50
Жынысы:
Белгисиз
-4
ХХХХХХ ХХХХХ
Айтаарым, эмне болгондо да уулун колу менен кылганын мойну менен тартсын. Жазасын алсын. ХХХХХХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 09:51:30
10.09.2018. 23:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
16-10-2011
Соӊку аракети:
17-09-2018 23:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+4
Chagylgan2,Сабыр кыл!Бир нерсе деш азыр эрте.
Тиги балдар да жеткизгендир.Сен азыр жон эле кабарды окуп ачуун келди.Ал баланы он бала келип мазактап,кордогон.Сен озун ачуулуу экенсин,анын ордунда болгондо сен да ошентмексин.Мен да бир досумдун туулган кунун белгилейбиз деп бейкуноо жапжаш балдардан токмок жегемин.Урушкан балдарды ажыратам деп.Менден кыйла эле жаш балдар болчу.Улуу адам деп сыйлаган да эмес.
Jyrgal_msk түзөттү 2018-09-10 23:02:12
11.09.2018. 09:53 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Chagylgan2,
Кимдир бирөөнү далилсиз каралоодон алыс болуңуз! Эскертүү!
10.09.2018. 23:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
102
Катталган:
16-10-2011
Соӊку аракети:
17-09-2018 23:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+4
Бир тууган агасынын козунчо карындашына тийишип жатса,ал аз келгенсип эшикке чыкканда ону келип мазактаса,
Ал жигит кулагы укпай,наушник менен журот экен.Наушнигин тепселеп,озун кордоп жатса ачуусу келгендир.
Бир нерсе деп айтуу кыйын.
11.09.2018. 00:36 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
52
Катталган:
24-11-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 23:01
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне болгон тагдырда дагы бир адам олуп атат анын ата энесичи ошол жонундо ойлодунарбы
11.09.2018. 08:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
733
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
18-09-2018 16:53
Жынысы:
Белгисиз
0
Tima0304,ошолордун ата энеси татыктуу тарбия берген эмес.Уулум эч качан майыптарды басынтпа деп уйротуш керек эле.ХХХХ ХХХХХХ.Тигил дуйнодон да жооп беришет бул учун!
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 09:56:21
11.09.2018. 04:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
312
Катталган:
10-09-2012
Соӊку аракети:
18-09-2018 15:35
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир гана суроо:Түнкү клубда эмне бар эле?
Карагылачы, Ата-Энесин кандай акыбалга калтырганын.Дагы Ата-Эне экен, тайраңдаган уул-кызын калкалап жатат.
11.09.2018. 09:55 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
5903
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
19-09-2018 00:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер-Инфо
0
Dilbaranurdinova, Stervashka, Chagylgan2, aydinnur, Jyrgal_msk,
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Порталдын эрежелерин сактагыла!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: