Орусиялык ырчы Настя Кудри жол кырсыгына кабылып, 2 манжасынан ажырады

Орусиялык ырчы Настя Кудри жол кырсыгына кабылып, 2 манжасынан ажырады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы жеке баракчасына жазып чыкты.

Настя Кудри

Маалым болгондой, ырчы мындан бир нече жума мурун Франциянын Ницца шаарына эс алууга барып, ал жактан жол кырсыгына кабылган. Тактап айтканда, алдынан чыга калган унаадан качып, машинасын буруп жиберип, жолдон чыгып кеткен. Эсин жоготкон ырчы ооруканага жеткирилип, 2 манжасынан ажыраганын билген.

"Биз ар бирибиз кыйынчылыктарды ар кандай жол менен жеңебиз. Мен эми пианинодо ойной албасымды билем, бирок 2 манжамдын жок экени менин ырчылык карьерама эч кандай таасирин тийгизбейт", - деп жазган ал.

Настя Кудринин менеджери Константин Филипповдун айтымында, ырчы алгач бул окуя тууралуу коомчулукка айтууну каалаган эмес. Арадан бир топ убакыт өткөн соң гана элге маалымдаган.

"Ал өзүнө окшош кырсыктаган инсандарга стимул болуп, муну менен жашоо токтоп калбай турганын билдиргиси келген", - деген ал.

Айта кетсек, Настя Кудри "Мама", "Знай", "Я обещаю" деген ырлары аркылуу таанымал. Соңку убактарда ырчы Ольга Бузова менен бирге аткарган "Нам будет жарко" дуэти хит чыгармалардын катарын толуктап келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
milan-707
2018-09-10 13:49:41
Хаха
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан