super.kg logo

"Америка сулуусу-2019" сынагында сулуулар биринчи жолу подиумга бикиничен чыгышкан жок

 
Ниа Имани Франклинге өткөн жылдын сулуусу Кара Мунд таажы тапшырууда
Ниа Имани Франклин
"Богема" операсынан поппури аткарып жаткан учур
Маргарет Горман

Кечээ, 9-сентябрда АКШнын Нью-Жерси штатында "Америка сулуусу-2019" сулуулар сынагы жыйынтыкталды. Анда Нью-Йорктун тургуну Ниа Имани Франклин жеңүүчү деп табылды.

Маалым болгондой, бул жылы адаттагыдан айырмаланып, сулуулар подиумга жарым жылаңачтанып бикиничен чыгышкан эмес. Сынакка жалпысынан 51 сулуу катышкан. Алардын арасынан Ниа Имани Франклин аттуу сулуу "Америка сулуусу-2019" наамына татыган. Ага өткөн жылы бул наамды жеңип алган Кара Мунд өзүнө ыйгарылган таажыны өткөрүп берип, андан сырткары 50 миң доллар акчалай сыйлыкка ээ болгон.

"Жеңишке жетүү үчүн канчалаган кыйынчылыктарды жеңүүгө туура келди. Бирок азыр аны эстебестен, мага колдоо көрсөткөн ата-энеме ыраазычылык билдиргим келет" деген Франклин.

Наамдын жеңүүчүсү калыстар тобун өзүнүн келбети менен гана эмес, таланты менен да багындырган. Тагыраагы ал 6 жашынан тарта музыкалык билим алып келгендиктен, "Богема" операсынан поппури аткарып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган.

Айта кетсек, АКШда сулуулар сынагы 1 жыл алдыга эсептелгендиктен, аталышы келе жаткан жыл менен белгиленет. "Америка сулуусу" сынагы - 1921-жылдан бери Атлантик-Сити шаарында өткөрүлүп келет. Сынактын биринчи жеңүүчүсү катары Маргарет Горман табылып, ага өзгөчө таажы ыйгарылган.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
10.09.2018. 14:24 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
105
Катталган:
16-10-2011
Соӊку аракети:
23-09-2018 21:54
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
Жуксун,жуксун.Бизге жакшы жагы жукчу эмес эле.Жыланач чыкпагыла дегендерди,эскичил,мезгилден артта калган адам катары корушкон.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114567;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: