ЭЛДИК КАБАР: "Кара-Сууда кулагы укпаган балдардын мектебиндеги мугалимдер арасында ич ара чатакташуу башталды" дейт окурман

"Кара-Суу районундагы атайын дүлөй балдар үчүн жалпы билим берүү жатак мектебинин мугалимдери сабак талашып ичи ара жаңжалдашууда" деп жазды окурман "Элдик кабар" бөлүмүнө.

Анын айтымында, жогорку класстын мугалимдери менен башталгыч класстын мугалимдери сабактардын саатын талашууда.

"Аталган мектептин жогорку класстарын окуткан мугалимдер кенже класстын окуучуларын окуткан мугалимдер менен маянабыз бирдей болушу керек деп айрым предметтерин талашып, алып койгон. Себеби айлык акылары көбөйгөндө жогорку класстагы мугалимдердин айлыгына 50 пайыздан, башталгыч класстарга 80 пайыз кошулган. Ошондо предметтик мугалимдердин маянасы башталгыч класстын мугалимдеринин айлыгынан аз болуп калган, мындан улам кенже класстын мугалимдеринин сабактарын тартып алуу жолуна өткөн. Бул маселеге мектеп директору же райондук билим берүү башкармалыгы чара көрө элек. Жамаат арасындагы жаңжал окууга терс таасир берет", - деп жазды окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Jaziko80
2018-09-10 14:24:54
Ммм дааа. Жанылыкка бир ушу мектеп чыга элек болчу. Жоноткон адам,ошол жерде иштейби же окуйбу? Кызык......
+3
saat1200
2018-09-10 20:27:29
Быйылкы мугалимдерди кыскартуу жакшы болду. Себеби, мектепке мугалимдер ишке кирип эле жатат, чыккан жан жок. Бизде проблема пенсионер мугалимдер кетпей жаш мугалимдер кетип калды. Пенсионер мугалимдерди арызданып жатып аран кетирик, дагы калды.
+1
saat1200
2018-09-10 20:30:04
Мен жазган проблеманы дагы чечсе болобу? Пенсионерлерди такыр иштетпей койсо. Бизде директор пенсионер, музыкант жана математика мугалимдерди.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан