super.kg logo

Бишкекте колу сынып ооруканага түшкөн 8 жашар кыз каза болду

 

Колу сынып ооруканага түшкөн 8 жашар кыз Бишкекте каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алгач 8 жашар Мадина аттуу кыз Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканага келген.

"Мадинаны чоң энеси Чолпон-Ата шаарындагы ооруканага колун сындырып алганына 2 күн болгондо алып келген. Дарыгерлер сынган колго гипс коюп 5 күндөн кийин кайра небересин алып келүүсүн айтышкан. Бирок 5-күнү кыздын дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип баштаган. Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна кыз оор абалда келип түшкөн. Ал маалда кыздын колу чирий баштаган. Дарыгерлер дароо операция жасап кыздын колун кесишкен. Кыздын абалы турукташканы менен бүгүн, 10-сентябрь күнү таңга маал көз жумган", - деп билдиришти маалымат кызматынан.

Ошондой эле азыркы тапта Чолпон-Атадагы бириктирилген ооруканасынын дарыгерлеринин ишине баа берүү үчүн комиссия түзүлгөн. Кыздын ата-энеси Москвада эмгектенгендиктен ал чоң энеси менен жашап жатканы маалым болду.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
10.09.2018. 16:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
46
Катталган:
20-03-2017
Соӊку аракети:
11-09-2018 15:30
Жынысы:
Белгисиз
+13
Кызга боорум ооруп кетти
10.09.2018. 17:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
11-11-2011
Соӊку аракети:
25-09-2018 19:32
Жынысы:
Белгисиз
+11
Колу сынса эки кундон кийин апкелгенин карасан булардын жанын орутуп бечара жаш бала оруса да алаксып чыдап жургонда кенебестик кылган да оз учурунда карабай
10.09.2018. 17:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
71
Катталган:
17-04-2013
Соӊку аракети:
25-09-2018 21:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
+10
Негизи гипстегенден ушундай абалга кептелгендерди көп эле угам. Себеби гипс суук болгону үчүн сөөк чирий баштайт экен. Менин да бир бөлөм ушул гипстин айынан сөөгү чирип 5-6 жолу операция кылып, сөөгүн ар операцияда тазалап отуруп араң бутунун сөөгү ордуна келген. Гипстен көрө өзүбүздүн эле элдик табыптар жасаган шак-шагы жакшы жыйынтык берет. Гипстен ушундай абал көп болгону менен медицинада андан эмнеге баш тартышпаганы түшүнүксүз.
10.09.2018. 18:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
107
Катталган:
21-02-2018
Соӊку аракети:
25-09-2018 20:31
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ызылдап аттынар эле ташта крга чон эне,таенесине деп кечээ эле ,мына ооруса жанын берген ата энеси россияда ,чон энеси 2кун куткон,кыз чыдап жургон оюнга алаксып ,андан коро 4дубалдын ичинде караса деле алып кеткени жакшы да,балага эч ким оз апасындай болбойт
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 1 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 1) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114638;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: