ЭЛДИК КАБАР: "Кызыл-Кыяда баламды бакчага берүүгө 2 жыл мурун кезекке катталгам, бул арада андан кийин баргандарды кабыл алды" дейт окурман

"Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарындагы "Келечек" балдар бакчасына мындан 2 жыл мурун барып, баламды берүү үчүн кезекке тургам. Бирок дале ала элек", - деди окурман "Элдик кабарга" бүгүн, 10-сентябрда.

Анын айтымында, андан кийин баргандар балдарын бала бакчага беришкен.

"Мен тааныган эле адамдар балабызды ушул бакчага бердик деп жатышат. Сураштырсам кезекке менден кийин тургандар, кээ бирлер кезек деле күткөн эмес. Мындан улам ортого тааныш салбасаң эч качан кезек жетпейт экен деп түшүнүп калдым. Аталган бала бакча наристелерди кандай негизде кабыл алат?" - деди ал өзүнүн билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
aszyma
2018-09-10 16:21:15
Акча берсен алат. 5000-10000.
Бул корунуш Кыргызстан боюнча ушундай. Бир бардык садиктерге рейд жургузсо. Лейлек району Жаны -жер айыл окмотуго да текшеруу келсе дейм. Садиктерге оло акча жыйдырат. Кир машина апер дейт. Бир группанын бельосун апер, залдын Паласын апер. Зановеска апер. Апер апер коп айтор.
Кыскасы баланды берем десен бир буюмун которушун керек. Болбосо Очеред келе элек деп коет.
+4
jike
2018-09-10 16:41:09
Эн туура Маселе ушул. Биздеда Сулукту шаарында садиктерде дал ушундай корунуш экен. Менда арыз жазгам кезек келгенде айтабыз дешкен. Тааныштар айтып калышты акча бербесен же садике Бир нерсе алып бербесен кезек келбейт деп. Ушуну текшеришсе жакшы болмок
+4
dinar-87
2018-09-10 16:44:05
10000-15000берсениз эртен алат болбосо дагы 2жыл журушунуз да мумкун.Азыр ушундай корупцияга батып калдык качан чыгабыз дайыны жок.
+3
Bayazet
2018-09-10 16:46:16
Акча бериш керек акча ансыз очередь жетпейт бул Кыргызстан
+4
jalguzum
2018-09-10 17:05:49
Баткен облусунун Айдаркен шаарындагы садике дагы 7000бересин болбосо алышпайт. Кровать жок 7000сом бергиле дешет. Ушуларды Бир катуу текшерип коюшса жакшы болмок. Кезек жетпейт жазылсан.
+3
Jelezo
2018-09-10 17:10:29
Дагы күтө турсаң балаң туура эле мектепке барат чөнтөгүнө 5000 миң салып кой.
+1
010288
2018-09-10 20:52:35
Тупа туура.мисалы биздин атабыз чек арачы аны 2же 3дылда ар кайсы районго которуп жиберет.ар жерге кочуп барган сайын очередке турсак балларыбыз садике барбай эле калат го.2 баламды киргизем десем 6мин дешти айла жок бергенге тууру келет экен.
+1
raykray
2018-09-11 01:02:40
Жообу эмне болот? Супер инфо кайра чыгарасынарбы?
0
admin_superstan
2018-09-11 14:22:41
raykray,
Саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
0
Umakg
2018-09-11 13:12:04
5000 бересинго бардык жерде менда берем десем садике айла жок журом бералбай
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан