ЭЛДИК КАБАР: "Аксы районундагы Кара-Булак тоосунда жайгашкан телемунаранын оператору такыр жарыбаган шартта иштейт" дейт окурман

"Сүрөттөгү телемунара Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Булак тоосунда жайгашкан. Бүгүнкү күндө КТРК, ЭлТР, НТС жана башка телеканалдар ушул телемунаранын жардамы менен Аксыдагы Авлетим, Кара-Суу, Кызыл-Туу, Кара-Жыгач жана башка айыл аймактарга кызмат кылууда.

21-кылымда анын абалы мышык ыйлагыдай. Бул жерге көңүл буруп койгон бир да тарап жок, бир оператор бир нече жылдан бери ызгаардуу тоодо ушундай шартта иштеп келе жатат. Тиешелүү тарап көңүл буруусу зарыл", - деген окурман "Элдик кабарга" келип түшкөн кезектеги билдирүүсүндө.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
talant87
2018-09-10 17:06:26
Ошондо кышында тартылганбы же бугунку суротпу Бир 6 метр кантинер берсе болмок
+3
AIA-TOO
2018-09-10 20:37:26
Позор кыргыз бийлигиби же кыргыз телерадиосубу иши кылса өлүп эле алгыла.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан