super.kg logo

"Бир жашынан бери көрө элек атасын көрсөм дегенде кызымдын эки көзү төрт" дейт эне

 
Малика 1 жаш кезинде
Малика азыр 7-класстын окуучусу

Ар бир эле ата-эне баланын толук-кандуу үй-бүлөдө чоңоюусун каалайт. Үй-бүлө курган соң да ата-эне балага камкордук болуп, жакшы тарбия, билим берүүгө умтулат. Бизге өзүнүн жүрөгүн өйүп жүргөн маселесин айтып, жардам сурап кайрылган окурманыбыздын аты Нургүл. Азыркы тапта Орусиянын Москва шаарында көпчүлүк мекендештерибиздей эле эмгектенет.

"Көпчүлүк мекендештерибиздей эле акча таап, кызымды окутуп, каржылык жагыбызды жакшырталы деген ой менен Москва шаарына келгем. Бардыгы өз нугу менен жүрүп жатат, бирок медер туткан жалгыз кызымдын менден алыста өсүп жаткандыгы мени өкүндүрөт. Ал гана эмес, кызым 1 жашында таштап кеткен атасын көрсөм дегенде эки көзү төрт болгону мени ойго салат", - дейт эне.

Анын айтымында, алар мурдагы жолдошу Эрмек Бектенов менен 2005-жылы баш кошушкан.

"Эл катары баш кошуп, бирге түтүн булатып жашап калдык. Өзүм Баткендин Лейлегинен болом, Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районуна турмушка чыккам. Жакшы күндөрдү өткөрүп ортодо 1 кыздуу болдук. Кайын журтум кызыма Малика деген ысым ыйгарышкан. Баягы эле бүтпөгөн түндүк-түштүк маселесинен уламбы, айтор, кайын журтум жашообузга кийлигише берип, акыры жолдошум экөөбүз ажыраштык. Биз эки жолго түшкөн маалда кызым 1 жашта болчу. Азыркы тапта кызым 7-класста окуп жатат.

Кызым азыр таенесинин колунда, каникулда болсо Москвага келип турат. Мени кейиткени кызым "атам кайсы жакта, эмнеге мага келбейт" деген суроолорду көп берет. Азыр эс тартып биздин ажырашып кеткенибизди түшүнөт. Мен кызыма эч качан атасын жамандап, ал тууралуу ар кандай кептерди айтып анын көңүлүн калтырайын деген эмесмин. Кандай болгон күндө дагы ал кызымдын атасы", - деп билдирди Нургүл.

Ошондой эле ал күйөөсү менен ажырашып кеткенден кийин бир да жолу ага жардам сурап кайрылбаганын, күйөөсү дагы бир да жолу кызынан кабар албагандыгын кошумчалады.

"Ажырашкандан кийин бир да жолу Эрмекке жардам сурап кайрылган жокмун, ал да бизден кабар албады. Кызым 1 жашка толгон кезде ажырашсак, азыр кызым 13 жашка чыкты. Ушул жылдар ичинде жок дегенде телефон чалып кызынын абалына кызыгып койгон жок. Кызым атасын таап, аны менен жолугуп сүйлөшкүсү келет. Бизге эч кандай жардамдын кереги жок, жөн гана Эрмектин кызына жолугуп эгерде ал кааласа катташып турушса дейм. Кызымдын тилеги да ошол өз атасы менен жолугуп катташып туруу. Балким, азыркы тапта Эрмектин башка үй-бүлөсү бар, ошого байланыштуу кызынан кабар албайбы деп да ойлонуп коём. Бирок кызымдын атасын бир көрсөм деген кыялы үчүн ар-намысты жыйыштырып сиздерге кайрылып отурам", - дейт окурман. Ал буга чейин жолдошуна байланышуу аракетин көрүп, бирок жыйынтык чыгара албаганын да белгиледи.

Нургүл аттуу келин эгерде Эрмек Бектенов өзү же жакындары бул кабарды окуп калса кызы менен байланышка чыгуусун өтүнөт. Байланыш номери: +996 708 099 444.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
10.09.2018. 19:26 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
329
Катталган:
28-04-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 23:27
Жынысы:
Белгисиз
+10
Кандай окунучтуу! Бирок тагдыр ушундай болсо, айла жок.
10.09.2018. 19:35 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
15
Катталган:
02-12-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 22:17
Жынысы:
Белгисиз
+10
Атасын таап кандай Адам экенин коргон буйрусун Аллахым
10.09.2018. 20:03 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:44
Жынысы:
Белгисиз
+10
Атасы ташбоор корунот балага мээрими жок. Болбосо оз канынан жаралган баласынан ушунча жыл кабар албай журо алмак эмес...

Байкуш балдар, тушунугу тайыз женил ойлуу ата-энелеринин айынан азап тартып келишет. .
10.09.2018. 22:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
31-05-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 20:52
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен да атасыз остум жашым 31де.Омурумдо 18ге чыкканда бир жолу атамды коргом.Бирок кызымдын да тагдыры ушундай болуп калды.8 ге чыкты атасы Россияда уйлонуп алды...Эркектерде жоопкерчилик жок...
JaneEr түзөттү 2018-09-10 22:49:37
11.09.2018. 00:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
4
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
19-09-2018 16:44
Жынысы:
Белгисиз
-6
JaneEr, турмушка чыгаарда жакшылап сынап, таанып анан чыкпапсын да. Эми сенин куйоон жаман болсо эле бут эркектерди жаманга чыгарып койгонуна жол болсун?!!

Журот сойку кыздар кочодо, ошондо ошол сойкуларды деп бут кыргыз кыз-келиндерин сойкуга чыгарып болбойт да.

Эми бул турмуш. Бешенеге жазылганы болот. Бирок адам озу да аракет кылышы керек уй-булону уратууга эмес, сактап калууга.
11.09.2018. 00:17 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
15-07-2011
Соӊку аракети:
24-09-2018 18:53
Жынысы:
Белгисиз
+9
Балада не күнөө,Нарындан ким бар Эрмекти тапкыла, көксөөсү суусун
11.09.2018. 00:48 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
26-11-2016
Соӊку аракети:
20-09-2018 19:29
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эх журогубуз кен болсо Ташкенттен келген келиндида батырып алабыз, кайнжурт киришсе ажырашкан куйоонуз болсо маминкин сые. Алар кызым биздин каныбыз дээрбекен же Оштук деп коебу.
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-11 11:26:51
11.09.2018. 10:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
3
Катталган:
21-05-2016
Соӊку аракети:
24-09-2018 22:33
Жынысы:
Белгисиз
+4
Андай атанын эмне кереги бар?Издебей эле койгула.
11.09.2018. 10:06 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
151
Катталган:
11-02-2014
Соӊку аракети:
24-09-2018 21:01
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Кыргызстан
+4
Бир коруп атасы кандай адам экенин билип алганы он анткени билет кимдин Ким экенин кыз бала баарыбир атага жакын болот дешетко
11.09.2018. 19:10 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
39
Катталган:
15-03-2017
Соӊку аракети:
24-09-2018 14:30
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакырчаак тоонун бары жакшы дейт, ушундайларды коруп,окуп, бакырчаак атабыз аман болсун дейм. Ар бир бала бактылуу болушсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114567;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: