"Сапат" билим берүү мекемелерин "Маариф" фондунун карамагына өткөрүү каралып жатат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фырат Түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйында билдирди.
"Учурда Кыргыз-Түрк "Манас" университети кандай иштеп жатса, "Маариф" фондунун мектептери да дал ошондой тартипте иш алып барат. Тактап айтканда, "Маариф" фондунун ишмердүүлүгү Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлигинин көзөмөлүндө болот. Учурда "Сапат" билим берүү мекемелери жабылат деген маалыматтар тарап жатат. Жабылуу менен өзгөртүү деген сөздө чоң айырма бар. "Сапат" мектептери мурдагыдай эле ишмердүүлүгүн жүргүзө берет. Бирок "Маарифтин" карамагына өткөрүү каралууда. Анткени бул мектептер түрк жарандарынын салыгынын эсебинен курулган. Убагы келгенде "Маарифке" өткөрүлүп, алардын билиминин сапаты мындан да жакшыртылат", - деди түрк элчиси.
Белгилей кетсек, 1-сентябрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын сапарынын алкагында Кыргыз өлкөсүнүн Билим берүү жана илим министрлиги Түркиянын "Маариф" фонду менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюлган.