super.kg logo

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы борбор бюджетке 6 миллион сомго жакын зыян келтиргени аныкталды

 

Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы борбор бюджетке 6 миллион сомго жакын зыян келтиргени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан 11-сентябрда кабарлашты.

Маалым болгондой, Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Маалыматтык кызмат көрсөтүү боюнча атайын борбор 2018-жылдын апрель айынан июль айына чейинки аралыкта унааларды каттоо жана кайра каттоодо эреже бузган. Текшерүүнүн жыйынтыгында бюджетке 5 миллион 841 миң 946 сом зыян келгени аныкталган.

Жогорудагы аты аталган борбор бөлүп төлөө жолу менен келтирилген зыяндын ордун толтурганы кабарланды.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2-апрелден тартып июнь айынын аягына чейин унааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоодон өткөрүү компаниясын жүргүзгөн. Тактап айтканда, унааны кайра каттоодон өткөрүү 2 миң 500 сомдон 5 миң сомго чейин болсо, үч ай аралыгында 1000 сомго чейин болгон.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
11.09.2018. 17:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
5
Катталган:
19-03-2015
Соӊку аракети:
16-11-2018 16:33
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу супер инфо, сиздерден сураныч унааларды каттоо боюнча акыркы маалыматтарды билип бериниздерчи...Мен унаам озумдун наамыма катта элекмин, ушул боюнча ишеним кат дагы албай айдап журом, айып пул болбойбу?Азыр кайра каттоонун баасы,мооноту кандай болуп жатат,
11.09.2018. 17:51 
Тайпасы:
Супермодератор
Комментарийлердин саны:
4717
Катталган:
05-09-2011
Соӊку аракети:
16-11-2018 22:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
SUPER.KG
0
rkurstan,
Саламатсызбы? Сунушуңузду эске алабыз, рахмат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117816;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: