super.kg logo

Депутат: "Өзбекстан картошкабызды киргизбей койду. Эмнеге биз да ушул кадамга бара албайбыз?"

 

Өзбекстан Кыргыз өлкөсүнүн картошкасын киргизбей жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Искендер Гаипкулов айтты.

Ал Кыргыз өлкөсү да ушундай кадамга барышы керек деген пикирде.

"Эмнеге Өзбекстан картошканы киргизбей койду? Эмнеге биз да ушинтип аларга тыюу сала албайбыз? Ушуларды караш керек. Чек ара ачылды. Мөмө-жемиштин баалары түшүп, дыйкандар банкрот болот деп март айында эле айткан элек. Мына эми баалар түшүп кетти деп келип жатасыңар", - деди Гаипкулов.

Жыйында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев өлкөнүн түштүк аймагында мөмө-жемиш, жашылчалардын баалары түшүп кеткенин ырастады.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
11.09.2018. 16:47 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
56
Катталган:
09-02-2018
Соӊку аракети:
20-09-2018 19:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
120жепутат акылдашып Айдаровду Шакини Салимбай байбаччага жөнөткүлө.Ошол апораңар чечип берер.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114370;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: