Тоң районунда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайда өз кийиминен жип жасап асынып алды

Тоң районунда кылмышка шектүү жаран убактылуу кармоочу жайда өз кийиминен жип жасап асынып алды. Аталган факты 8-сентябрда катталганын SUPER.KG'ге Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев кабарлады. Анын айтымында, каза болгон жаран райондо мал уурулукка шектүү катары кармалып, тергөө иштери жүрүп жаткан.

"Район тургуну мал уурулукка шектүү катары 8-сентябрдан бир-эки күн мурун кармалып, убактылуу кармоочу жайда отурган. Милиция кызматкерлери бел курун жана бут кийиминин боолорун чечип калышкан. Жанында да эч ким болгон эмес. 8-сентябрда өзү отурган камерадан жансыз денеси асылган абалда табылды. Ал үстүндөгү кийимдерин жыртып, андан жип жасап асынып алыптыр. Буга чейин да бир нече ирет ушул сыяктуу кылмыш иштерине шектүү катары кармалып сот жообуна тартылган экен. Аты-жөнү жана жаш курагы боюнча маалыматыбыз жок", - деди Осмонбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Kroxa
2018-09-12 08:19:31
Маалыматы жок болсо эмнеге жазды??олгон кишини тактап анан кабар беришчу эле го...
0
killer5
2018-09-12 09:52:47
Намыской ууру окшойт, же бул дүйнөдөн ушунчалык тажадыбы? Чоң күнөөгө батты кандай болбосун
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан