Буга чейин социалдык тармактарда Калык Акиев жана Муратбек Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде күндө жол кырсыгы катталары тууралуу маалымат тараган. Анда тургундар шаар мэри Азиз Суракматов жана Бишкек мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаевди бул маселеге көңүл буруп чечип берүүсүн суранышкан.
Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 11-сентябрда Калык Акиев жана Муратбек Рыскулов көчөлөрүнө жасалма дөңчөлөр төшөлгөн.
"Аталган көчөлөрдүн оңдоо иштери бүтүп, пайдаланууга берилгенине аз гана убакыт болсо дагы бул жолдордун кесилишинде көп жол кырсыктары катталыптыр. Жолдорго атайын белгилер коюлуп, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү атайын сызыкчалар да чийилген. Бирок ага карабастан айдоочулар жогорку ылдамдыкта айдап, жол кырсыктары болуп келген экен. Бишкек шаардык мэриясынын атына жазылган социалдык тармактагы кайрылууларды көрүп, бүгүн атайын жумушчу топ аталган көчөлөргө жасалма дөңчө төшөдү. Мындан ары айдоочулар жол эрежелерине көңүл буруп, жол кырсыктары катталбайт деген үмүттөбүз", - дейт басма сөз катчы.