Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "Эгер президент туугандарын өз ишине кийлигиштирсе, бул анын жеке трагедиясы болот"

Үй-бүлөлүк башкарууну орнотуу мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевди бийликтен кетирүүгө негизги себептердин бири болгон. Азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун иниси Асылбек Жээнбеков жана кудасы Алиярбек Абжалиев - Жогорку Кеңештин депутаттары. Агасы Жусупбек Шарипов Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчиси болуп иштейт.

SUPER.KG порталынын "Сооронбай Жээнбековдун үй-бүлөлүк бийлиги Акаев менен Бакиевдикинен да ашып түшкөн жокпу?" деген соболуна саясатчы Равшан Жээнбеков азырынча өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруунун белгилерин көрө электигин айтты.

"Туугандары президенттин ишине кийлигишүүдө" деген сөздөр айтылып жатат, бирок так фактылар жок. Фактылар болсо, сөзсүз айтышыбыз керек. Келечекте "өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу болбойт" деп айта албайм. Үй-бүлөлүк башкарууга жол бербөөгө президент өзү аракет кылышы керек. Эгер жол берсе, бул анын жеке трагедиясы болот. Буга чейинки мындай трагедиялар эмне менен бүткөнүн баарыбыз билебиз", - деди Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Анвар Артыков, Ирина Карамушкина, саясатчы Адахан Мадумаров, экс-депутаттар Мээрбек Мискенбаев, Улукбек Кочкоров жана Феликс Куловдун пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан