super.kg logo
  Саясат  

"Супер-Инфо" жана SUPER.KG'ге карата ушактарды таратуу кампаниясы кызуу жүрүүдө

 

Акыркы айларда "Супер-Инфо" гезитине жана SUPER.KG порталына карата ар кандай ушактарды таратуу кампаниясы кызуу жүрүп жаткан кези.

Андай "таламайга" алуунун себеби "Супер-Инфо" гезитинде жана SUPER.KG порталында ачуу чындыктар айтылып жаткандыгы экени шексиз. Бул ачуу чындык азыркы бийликке жакпай калган сыяктанат.

Фашисттик анабашчылар Гитлер менен Геббельстин "калп канчалык шумдуктуу болсо, ага ошончолук бат ишенишет" деген тактикасы болгон. Ошондой ыкмадагы ушактар кампаниясынын соңку апыртмасы "Атамбаев "Супер-Инфого" журналист болуп орноштубу?" деген маалыматтын интернетке жайылтылганы болду.

Мындай апыртмаларды массага жайылтып жатышкандар бир нерсени эске албай жатышат. Альтернативдүү маалымат булактары активдүү жарандык коомдун өнүгүшү үчүн зарыл. Күчтүү ММКлар болбосо, бийлик оңой эле "ажыдаарга" айланып кетерин эгемендүү Кыргыз өлкөсү өзүнүн тажрыйбасынан улам жакшы билет эмеспи.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 16 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117936;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: