super.kg logo
  Саясат  

КҮНСЕРЕП: Жээнбековдун тушунда "Вечерний Бишкек" Бакиев доорундагы ээсине кайтабы?

 

Бүгүн, 12-сентябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Башкы прокуратура "Вечерний Бишкек" медиасын жана "Рубикон" жарнамалык фирмасын тартып алуу фактысы боюнча кылмыш ишин ачты. Кылмыш иши 304-берене - кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу, 166-берене - алдамчылык боюнча ачылып, тергөө ИИМдин Тергөө кызматына берилди. "Вечерний Бишкектин" азыркы ээси Александр Рябушкиндин мүлкү камакка алынды. Мамлекеттик машинадагы бумерангбы?

2014-жылы Рябушкин көп жылдык кирешеден куру калдым деп "ВБ" менен "Рубикондун" ээси Александр Кимден 388 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнүп сотко кайрылган. 2015-жылы Биринчи Май райондук соту Рябушкиндин талабын орундатты. Адегенде Кимдин "Вечерний Бишкектеги" 65 пайыз үлүшү жана "Рубикондун" 50 пайыз акциясы Рябушкинге өткөн. Кийин Ким 388 миллионду төлөп бербеди деген жүйө менен "Рубикондун" калган 50 пайызы алып берилип, Рябушкин фирманын 100 пайыз ээсине айланды.

Алгач Рябушкин менен Кимдин тең ээликтеги бизнеси болгон жогорудагы компаниялар Акаев бийликтен куулуп, атактуу “кыргыздын күйөө баласы” Адил Тойгонбаев өлкөдөн качып кеткен соң жогорудагыга окшош схемалар менен Александр Кимдин колуна өткөн эле. Мындай чечимдер ал кезде бийликте турган Бакиевдердин көмүскө колдоосу жок ишке ашуусу күмөн болчу. Бакиевдин бийлиги куулуп, Атамбаевдик команда бийликке келген соң “ВБ” менен “Рубикон” толугу менен Рябушкиндин колуна өттү. Бул иштер да Ак Үйдүн сотторду көзөмөлдөгөн кураторлорусуз чечилип кеткенине ишенүү кыйын. Жээнбековдук бийликтин тушунда мамлекеттик машинанын колдоосу кайрадан Александр Ким тарапка өткөн өңдүү.

2017-жылы Каржы полициясы Кимге "коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянат пайдалануу" жана "ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу" беренелери боюнча кылмыш ишин ачкан. Быйыл февралда Свердлов райондук соту Кимди шарттуу түрдө 6 жылга соттогон. Андан Рябушкиндин пайдасына 27 миллион сом өндүрүү чечими кабыл алынган. Акыркы окуялар Кимге карата сот менен көзөмөл органдарында мамиле өзгөргөнүн көрсөттү.

14-сентябрда Биринчи Май райондук соту "Вечерний Бишкек" жана "Рубикон" боюнча ишти жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо боюнча Александр Кимдин арызын караганы жатат. Буга чейин Өмүрбек Текебаевдин адвокаттары кылмыш ишин жаӊы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароону өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылышкан. Прокуратура Текебаевдин ишин кайра кароого негиз жок деп тапкан эле. Жакында Садыр Жапаровдун адвокаты да Жапаровго ачылган ишти жаӊы жагдайлардан улам кайра кароону суранып, Башкы прокуратурага кайрылган. Прокуратура бул арыз боюнча “ойлонуу” фазасында, Жапаровдун акталышы бийликке кандай оң жана терс упайларды алып келери таразаланып жаткан өңдүү. Ошентип Александр Кимдин арызына ылайык Башкы прокуратура "ВБга" байланыштуу иш козгоду. Анын "жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу иш кайра каралсын" деген өтүнүчү да колдоо табышы мүмкүн болуп турат. Бул көзөмөлчү органдагы кош стандарттуулукпу?...

Бүгүн өлкөнүн Коопсуздук кеӊешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйын уюштурду. Адатта, бул орган суроо жараткан окуялар көбөйүп кеткенде пресс-жыйын берчү. Мисалы, акыркы жолу Сагынбаев экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кадрларына иш козголуп, кайра-кайра УКМКга суракка чакыртылып, элде "бийлик өзүнө ыӊгайсыз адамдардан арылууда" деген сын күчөй баштаганда ЖМК өкүлдөрүн чогулткан.

Чиновник бүгүнкү сөзүн да саясатчыларга ачылган кылмыш иштеринен баштады. Өмүрбек Бабанов боюнча тергөө жүрүүдө, жыйынтыгына жараша чара көрүлөт дейт. Бабановдун Москвада ээн-эркин жүргөнү коомчулукта укук коргоо органдарына карата суроо жараткан эле. Коопсуздук кеңеши “тергөө жүрүп жатат” деп тил эмизүүгө аргасыз болду көрүнөт.

Буга чейин Экотехинспекциянын кызматкери Анара Мамбеталиева инспекциядагы коррупция тууралуу айтып чыгам деп жумуштан айдалганын айтып, коомчулуктан колдоо издеп чыккан. Сагынбаев териштирүүдө инспекцияда коррупциялык иштер болгону аныкталды дейт. Ал эми Бишкек ЖЭБин жаӊылоо боюнча ачылган 5 кылмыш иши 1 айдын ичинде тергелип бүтөрү айтылды.

ЖМК өкүлдөрүндө Кыргыз-Түрк алакасы боюнча суроолор көп эле. Түркиялык ЖМКлар президент Эрдоган Бишкектеги сапарында Кыргыз бийлигине "бизге өткөрүп бергиле" деп 130 гүленчинин тизмесин бергенин жазып чыгышкан. Коопсуздук кеӊешинин катчысы бул маалыматты төгүндөдү. Аны менен эле чектелбей “Сапат” мектептери “Маарифке” өткөрүлүп берилбейт деди. Коопсуздук кеңешинин катчысынын бул жарыясына Түркия тараптан кандай реакция болот? Ушул жагдай кызыгууну жаратып турат.

Сагынбаевдин пресс-жыйынында коррупцияга шектелип, бирок кармалбай жүргөн, а балким тийиштүү органдардын тымызын уруксаты менен өлкөдөн чыгып кеткен экс-чиновниктер темасы да козголду. “Аскарбек Шадиевге бир нече иш ачылган, атайын кызмат аны Интерпол аркылуу издегени жатат” дейт Коопсуздук кеңешинин катчысы. Буга чейин Кыргыз өлкөсү Интерпол аркылуу Бакиевдерди, алардын жан-жөкөрлөрүн да издөөгө аракет кылып, өлкөгө кайтара алган эмес. Негизги өнөктөш өлкө болгон Орусиянын Москва шаарынан ээн-эркин жүргөн Бабановду алып келе албай жаткан органдар Нью-Йоркто жүргөн Шадиевди алып келе алышабы?..

"Коопсуз шаар" долбоору боюнча өткөн сынакта жеӊген компанияны изилдеп чыгууга убакыт керек. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинен билдиришти.

Өткөн аптада "Коопсуз шаарды" ишке ашырууга кызыкдар компаниялардын ортосунда тендер өтүп, орусиялык "ВЕГА" компаниясы жеӊүүчү деп табылган. Бул компания долбоорду 1 миллиард 125 миллион сомго ишке ашырмакчы болгон. Аталган комитеттин төрагасынын орун басары Кубанычбек Шатемиров комиссия жеӊүүчү компанияны бир аптада изилдеп чыгат деген эле. Бүгүн “компания 2 миӊ барактан турган документ сунуштады, аны 1 айдын ичинде иликтеп чыгабыз” деген жооп айтылды. Ошентип, Бишкек 2018-жылдын күзүнөн тартып "Коопсуз шаарга” айланбай калды. Долбоорду ишке ашыруу дагы белгисиз мөөнөткө калды.

Бул иште азыр негизги суроону жеӊүүчү деп табылган "ВЕГА" компаниясынын Орусиянын аскердик концернине караштуу ишкана экени түзүүдө. Убагында "Акылдуу шаарды" ишке ашырмакчы болгон Кытайдын "Хуавей" компаниясы да ушундай эле суроо жараткан. 2016-жылы АКШда "Хуавей" жана ZTE компанияларына "Кытайдын кызыкчылыгына тыӊчылык кылды" деген шек түшкөн. Жогорку Кеӊештин депутаттары бул жагдайды премьер Сапар Исаковго кайра-кайра эскертишкен. Аягында башка себептерден улам "Хуавей" менен келишим бузулду. Бүгүн Кыргыз жериндеги болгон кыймылды 24 саат бою онлайнда күзөтүп туруучу системди Орусиянын аскердик ишканасы курмакчы болгону жарандарды ойлонтууда…


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117550;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: