super.kg logo

"Кыргызды маданияты төмөн калк катары таанытпайлы" деп Москвада Кыргыз жарандары чогулуш өткөрүштү

 

Москва шаарындагы Кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңеши жана Коомдук кеңештин демилгеси менен Москва шаарынын Марьино районунда болгон кырсыкка карата Кыргыз жарандарынын катышуусунда чогулуш болуп өттү. Чогулуш кечээ, 11-сентябрда болгонун Аксакалдар жана Коомдук кеңешинин төрагасы Раимкул Аттокуров SUPER.KG порталына билдирди.

Билдирүүгө ылайык, чогулушка Кыргыз Республикасынын Орусиядагы элчилигинин, Миграция кызматынын өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, коомдук уюмдардын төрагалары, активисттер жана жалпы эле Москвада ар түрдүү багыттарда эмгектенип жаткан мекендештер катышты.

"Чогулушта акыркы убакта Кыргыз жарандары катышкан кылмыштар көбөйүп жатканы, мындай абал баарыбыздын жүрөгүбүзгө тынчтык бербей жатканы, мекендештердин өзүн-өзү алып жүрүүсү, маданияты, адеби төмөндөп баратканы айтылды. Мунун кесепетинен бөтөн элде жалпы кыргыз элин өзгөлөр маданияты төмөн калк катары таанып жатканы талкууга алынды", - деди Аттокуров.

Чогулуштун жүрүшүндө ага катышкан мекендештерден төмөндөгү суроолор жана сунуштар түштү:

1. Ай сайын Кыргыз Республикасынын расмий өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилеринин катышуусунда жалпы мекендештер менен биргеликтеги жыйналышында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

2. Бүгүнкү чогулушта көтөрүлгөн маселелердин негизинде тиешелүү органдарга кайрылуу жиберүү;

3. Болуп жаткан терс көрүнүштөрдүн, кырсыктардын себебин биргеликте анализдеп, сунуштарды талкуулоо;

4. Коомдук кеңештин уюмдарынын өкүлдөрүнүн курамынан чакан комиссия түзүлүп, кыргыз кафе-ресторандарын, жаштардын, унаа айдоочулар (таксисттер), спортчулар, кыз-келиндер, студенттер жана башка мекендештердин арасында жаралган көйгөйлүү маселелердин себебин талкуулоо жолу менен түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүү;

5. Жалпы мекендештер менен түз байланышта болуп, миграция жана башка мыйзамдардын өзгөрүүсү тууралуу жана башка маалыматтарды маалымдоо максатында интернетте өзүнчө ютуб-канал ачуу.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 5 
Комментарийлер(10)
12.09.2018. 13:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
60
Катталган:
21-03-2017
Соӊку аракети:
19-11-2018 19:49
Жынысы:
Белгисиз
+15
Посольствонун айланасы Добрынинский метродон баштагыла тушундуруу иштерин.Кыйкырып окургон,какырып тукуруп,кочодо курошкон Кыргыздын маданиятсыз жигиттери баары ошол жерде.Метродон чыккан Кыргыздын артынан 7-8бала ээрчип алат билет керекпи,такси керекпи,жук саласынбы деп
12.09.2018. 13:30 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1394
Катталган:
11-01-2017
Соӊку аракети:
22-11-2018 01:15
Жынысы:
Белгисиз
+10
Уже таанылып бутподукпу, маданиятсыздыкты Москвада кыргыздардан эч ким талашпай эле койсун, ачуу чындык.
12.09.2018. 15:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
141
Катталган:
15-02-2013
Соӊку аракети:
21-11-2018 22:08
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек Новосибирск
+9
Биз кыкендер абдан гоптук. Бизге патент эле киргизип койсо болду желибиз шариктей эле чыгат чиркин, анан калса кр правасы менен иштетпей турган кылып койсо совсем момойуп калат элек. Бизге ОЗУ жакшылык доолот жакпайт экен.
12.09.2018. 15:19 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
27
Катталган:
16-05-2018
Соӊку аракети:
12-10-2018 02:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Аксакалдар бар экен го, тартипке салып, акыл насаатыныздарды айтыныздар. Марьинодогу кырсык жалпы кыргыздын трагедиясы деп билем. Кыргызды эзелтеден акылман, копту коргон аксакалдар тартипке салып келген.
12.09.2018. 17:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
388
Катталган:
22-02-2009
Соӊку аракети:
21-11-2018 23:22
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын тунку клубтарын жаап салыш керек. Клубтарын тартипти эч Ким карай албайт аксакалдар дагы спортсмендер дагы. Жабалактага6 ХХХХХХХ болуп алсыз байкуштар коптоп бироону Уруп тепкилеп кете беришет
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-13 10:31:32
12.09.2018. 20:34 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
109
Катталган:
16-10-2011
Соӊку аракети:
08-11-2018 18:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
+2
Кыргыздар Москвада тунку клуб,кафе,ресторан,тойкана ачышат.Туну менен ичип,танцага тушуп,акыры уруш менен бутот.Озбек,тажик туугандар чайхана ачышат.Ал жерде ичимдик ичпейт,тамеки чекпейт.Досторун менен бакылдашып отуруп чер жазасын.
13.09.2018. 01:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
241
Катталган:
26-05-2016
Соӊку аракети:
22-11-2018 01:32
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Коз жаштарга ишенбеген шаар
+4
Добрынинский метродон чыксан Ош базарда жургондой журушот.
Ыз тыз, бул жакта туруп уяласын. Арканан кууп алышат.

Эми маданиятсыздыкты бизден эч Ким талашпай эле койсун ачыгы.
13.09.2018. 03:13 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
15-12-2017
Соӊку аракети:
22-11-2018 00:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай болгон жыйын,чогулуштарды бат-баттан откоруп туруш керек.Эн туура нерсе деп ойлойм.МВДдан дагы кишилер келип тушундуруу иштерин жургузуп,статьялардан кененирээк маалымат берсе.
13.09.2018. 03:14 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
15-12-2017
Соӊку аракети:
22-11-2018 00:38
Жынысы:
Белгисиз
0
Каяктан,кимден угуп ушуга окшогон жыйындарга катышсак болот?Ким билет?
13.09.2018. 05:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
132
Катталган:
28-01-2015
Соӊку аракети:
21-11-2018 05:06
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Супер инфо
0
Ошо Добринскийдеги балдары вапше эле көвүп кетишкен бир эки күн залга барып алып талтайып баскандын баары ошол жерде
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-13 10:48:08
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
118101;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: