super.kg logo

"Бакай Банк" көп пайыздык ченемдер менен пайдалуу депозиттерди сунуштайт

 

"Бакай Банк" Ачык акционердик коому жарандарга (физикалык жактарга) көп пайыздык ченемдер менен пайдалуу депозиттерди ачууну сунуштайт. Кардарлардын кызыкчылыгын эске алуу жана акчасын банкка салгандар менен көп жылдык кызматташуу биздин банк үчүн приоритет болуп саналат. Бизден депозит ачкан Кыргыз жарандары акча каражаттарын жакшы жайгаштыруу менен бирге өз акчаларын көбөйтө алышат.

Бүгүнкү күндө эң көп суроо-талапка ээ болгон салымдардын бири “Срочный” депозити болуп эсептелет.

«Срочный» депозити тууралуу:

Алдын ала төлөмдүн минималдуу суммасы: 5000 KGS/RUB; 100 USD/EUR; 1000 CNY; 50 000 KZT.

Депозиттерди кабыл алуу шарттары жана суммасы 100 000 АКШ доллар же башка валютадагы каражаттар депозиттеринин шарттары банк аркылуу өзүнчө аныкталат. Салынган акчаны кайтаруу Банк аркылуу алгач салынган күнү жана кийинкиси мөөнөт аяктаганда ишке ашырылат. Банкка салынган акча Банк депозиттерин коргоо жөнүндө мыйзамда (2008-жыл 7-май №78) каралган шарттар жана көлөмдөргө ылайык камсыздандырылат.

Артыкчылыктары:

  • Көп пайыздык ченемдер;
  • Ай сайын пайызга түшкөн каражаттарды алуу мүмкүнчүлүгү Возможность ежемесячно снимать проценты;
  • VISA Electron же Элкарт карталарын акысыз алуу ай сайын пайыздан түшкөн каражаттарды картага которуу мүмкүнчүлүгү менен;
  • 12 ай же андан ашык мөөнөткө депозит ачып жатканда кардар эгер кааласа кредит-овердрафт да ача алат. Шарттары: депозитке акча салуучу жаран тарифтерге ылайык карта ачып, дароо кредит алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.

VISA Electron төлөм карталары же Элкарт акысыз

Банкта депозитти кайсы валютада ачып жаткан болсоңуз ошол валютада VISA Electron же Элкарт карталарын акысыз ала аласыз.

Аны кантип пайдаланса болот:

  • Акча каражаттарын сактоо;
  • Накталай акчалары терминалдар аркылуу чыгарып алуу;
  • Сатып алуулар үчүн керектөө;
  • Пайыздык каражаттарды которуп алуу.

Артыкчылыктары:

  • Банктын жана анын өнөктөштөрүнүн банкоматтар түйүндөрүнүн көптүгү;
  • Эки эсе корголушу (VISA Electron картасындагы чип жана магниттик сызыкча). Сиздин акчаңыз ишенимдүү сакталат;
  • Картаны акысыз толуктоо мүмкүнчүлүгү;
  • VISA же Элкарт системине туташкан бардык жерлерде, дүйнөнүн булуң-бурчунда сатып алууларды акысыз жүргүзүү мүмкүнчүлүгү;
  • Privilege Card программасы боюнча арзандатуулар.

* 2016-жылдын 11-январынан баштап Кытайдын акча бирдиги (юань) менен акча салуу Банктын башкы кеңсесинде жеткиликтүү болду. Дареги Бишкек шаары, Исанов көчөсү 77.

Депозиттердин башка түрлөрү тууралуу «Бакай Банк» ААКсынын сайтынан окуп билсеңиздер болот.

***
"Бакай Банк" ААКсы 20 жылдан бери Кыргыз өлкөсүнүн жашоочуларына каржы жаатында жардам көрсөтүп келет. Азыркы учурда 70 сактык кассасы жана филиалдары өлкөнүн ар бир региондорунда өз кызматын сунуштайт.

 


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
114277;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: