Эстрада жылдыздары боор оорусу менен жабыркап, жардамга муктаж болгон Милан Садыкжан уулун колдоо максатында "Милан жаша" деген аталыштагы кайрымдуулук концертин уюштуруу алдында турушат. Бул тууралуу анын жакындары SUPER.KG порталына билдиришти:
"23-сентябрь Бишкек шаарында, ал эми 25-сентябрь күнү Ош шаарында Миландын туш болгон тагдырына кайдыгер карабаган эстрада жылдыздары атайын кайрымдуулук концертин уюштуруу алдында турушат. Андан түшкөн каражат Миландын операциясына жумшалат. Бардык кайдыгер карабаган мекендештерден концертке келип, Миланды колдоп кетүүнү суранабыз".
Эске салсак, буга чейин SUPER.KG порталына 24 жаштагы Милан Садыкжан уулу кайрылып, боор оорусунан жабыр тартканын, тез аранын ичинде Индияга барып операция жасатуу керек болуп жаткандыгын айткан.
"Операцияга болжолдуу эсеп менен 50 миң доллар керектелет экен. Бул акчаны толугу менен ата-энем жана жакындарым таба албасына көзүм жетип, элден жардам сураганга аргасыз болдум. Башында элге жардам сурап кайрылуу керектигин укканда, намыстанып макул болбой койгом. Бирок абалым күндөн күнгө оорлошуп жаткандыгына байланыштуу бул кадамга барууну чечтим. Операцияга керектеле турган акчанын аз бөлүгүн жакындарым жана ата-энем таап берибиз деп жатышат", - деп билдирген ал.
Учурда каржы жаатынан колдоого муктаж болуп жаткан Милан Садыкжан уулунун байланыш номери 0778 33 45 45, Элсом номери 0778 27 52 52.