Жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиондугуна 10 кыргыз балбаны катышат

Кыргыз балбандары 21-23-сентябрда Словакиянын Трнава шаарында өтө турган жаштар арасындагы эркин күрөшү боюнча Дүйнө чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясынан билдирди.

Аталган мелдеште Кыргыз өлкөсүнөн жалпы 10 балбан катышып медалдар үчүн күч сынашат. Кыргыз курама командасынын ичинде жаштар арасындагы Азия чемпиондугунун коло медалынын ээлери Динисламбек Таалайбек уулу жана Кунай Нурдавлетов бар.

Эске салсак, 2017-жылы Финляндиянын Тампере шаарында өткөн эркин күрөш боюнча жаштар арасындагы Дүйнө чемпиондугунда кыргыз спортчулар арасында Акбар Кенжебек уулу гана медалды тагынганга үлгүргөн.

Эркин күрөш боюнча Кыргыз курама командасы:

57 килограммга чейинки салмак ченинде: Бекболот Мырзаназар уулу;

61 килограммга чейинки салмак ченинде: Тынчтык Абасбеков;

65 килограммга чейинки салмак ченинде: Тилек Шаршеев;

70 килограммга чейинки салмак ченинде: Мансур Сыргак уулу;

74 килограммга чейинки салмак ченинде: Нуртилек Карыпбаев;

79 килограммга чейинки салмак ченинде: Атай Изабеков;

86 килограммга чейинки салмак ченинде: Динисламбек Таалайбек уулу;

92 килограммга чейинки салмак ченинде: Сымбат Сулайманов;

97 килограммга чейинки салмак ченинде: Кунай Нурдавлетов;

125 килограммга чейинки салмак ченинде: Аян Алымов;

Машыктыруучу: Нурдин Донбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан