super.kg logo

Сагынбаев: "Түркия Кыргыз тарапка ФЕТӨчүлөрдүн тизмесин берген эмес"

 

Түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз өлкө башчысы Сооронбай Жээнбековго "ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар" делген адамдардын тизмесин берген эмес. Бул тууралуу 12-сентябрдагы маалымат жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамирбек Сагынбаев билдирди.

"Мен сиздерге расмий түрдө айта алам, Түркия тараптан кыргыз тарапка эч кандай тизме берилген эмес. Менин оюмча, 130 адамдын аты жазылган тизме кимдир бирөөлөр тарабынан ойлоп чыгарылып, кандайдыр бир резонанс жаратуу үчүн атайын Кыргыз өлкөсүнүн аймагында жайылтылууда", - деди Коопсуздук кеңешинин катчысы.

Ошондой эле ал "Сапат" билим берүү мекемелеринин имараттарын "Маариф" фондунун карамагына өткөрүү маселесине да токтолуп өттү.

“Сапат” билим берүү мекемелеринин имараттарын Түркиянын “Маариф” фондуна өткөрүп берүү маселеси каралган жок. “Сапат” билим берүү мекемелери өз алдынча болуп, балдарыбызга билим берүүсүн улантат”, - деди Сагынбаев.

Буга чейин түрк басылмалары Режеп Тайип Эрдоган Кыргыз өлкөсүнө болгон иш сапарында "ФЕТӨ уюмуна тиешеси бар" делген 130 кишинин тизмесин өткөрүп бергендиги тууралуу жазып чыгышкан. Ал эми 10-сентябрда Түркиянын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Женгиз Камил Фырат Түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын иш сапарынын жыйынтыгы тууралуу маалымат жыйын өткөрүп жатып "Сапат" билим берүү мекемелерин "Маариф" фондунун карамагына өткөрүү каралып жаткандыгын айткан.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
12.09.2018. 14:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
167
Катталган:
05-05-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 18:55
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Уч-Коргон
-2
Жаш балача,калып кеттинер анан,,,
12.09.2018. 14:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:38
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бул 130 адамдын тизмеси боюнча ушакты кимдер чыгарганын билебиз. Мынчалыкка барбай эле койсо болмок. Жээнбеков Атамбаевге окшоп башка мамлекетке тизе бүкпөйт эч качан.
12.09.2018. 14:52 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
304
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эрдоган анчалыкка деле барган жок. Ушакчылардын кылган иши.Түркия Кыргызстандын ишине кийлигише албайт. Эгер кийлигишсе небак эле гуленчилер камалмак.
12.09.2018. 14:54 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
304
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушак тараткандарды тезинен ачыка чыгарыш керек. Эрдогандын сапары саясатташтыргандар аман эле болгула. Ал киши мечит ачып, мектебин сунуштады, лираны колдонгула деди андан башка эч нерсе деп айткан жок.
12.09.2018. 15:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
16-11-2018 16:21
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кором созунор канчалык чын экени. Эртен себат лицейлери Маариф фондуна откорулуп берилсе, Сокенин Эрдогандын чооруна бийлегени ошол болот.....
12.09.2018. 15:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
414
Катталган:
05-08-2014
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:38
Жынысы:
Белгисиз
+2
Chagylgan2,Себатты "Сапат" кылып, Эрдогандын айткандарын кынк этпей аткарган Атамбаев болгон. АШАчылар Эрдоган-Атамбаев чатагын башка нерсеге чаташтырып журот. Негизи булардын каршылашуусу АШАнын бизнес кызыкчылыгынан чыккан. Анын айынан эки элдин мамилеси бузулган. Жээнбеков керек болсо Путинге деле чөгөлөбөй койду. Президентибиздин эрки бекем экен бул жагынан.
12.09.2018. 16:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
192
Катталган:
14-04-2018
Соӊку аракети:
16-11-2018 16:21
Жынысы:
Белгисиз
-3
Bazake, Сокени кайсы арына мактайсын ыя?!! Атамбаевдин коррупциялык кочун улантып жатканы учунбу?!!

Атамбаев канчалык начар экенин баары билет. Бирок Атамбаев Себаттын атын эле озгортпосо, башка эч нерсесин озгорткон эмес. Эрдогандын колуна салып берген эмес. Чындыкты бурмалабай эле коелу.
12.09.2018. 15:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
31-05-2018
Соӊку аракети:
29-10-2018 15:34
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өлдүр-сөлдүр сүйлөгөн ушакчы таратты да бул жалган маалыматты
Модератор admin_superstan түзөттү 2018-09-12 16:43:02
12.09.2018. 15:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
304
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
17-11-2018 16:13
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сапаттын имараттары эч качан Маарифге өткөрүлбөйт. Бул жөн гана ушак.
12.09.2018. 15:43 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
176
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
28-09-2018 15:58
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде Турк элчиси абдан эле ооз коптуруп жибергенго.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117840;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: