super.kg logo

Декларациясында күмөндүү жагдайлар бар болгон кызмат адамдарынын аты-жөнү жарыяланат

 

Декларациясында күмөндүү жагдайлар бар болгон кызмат адамдарынын аты-жөнү жыл аягына чейин жарыяланат. Бул тууралуу Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев маалымат жыйыны учурунда билдирди.

Ал учурда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин 48 миң декларациясы текшерилип жатканын айтты.

Текшерилип жаткан декларациялардын 83ү жогорку жана административдик кызматтарды ээлеген адамдарга тиешелүү. Декларацияны кабыл алуу салык кызматына быйыл гана өткөрүлүп берилгендиктен мамлекеттик кызматкерлердин мүлктөрүн текшерүү жана аныктоодо кыйынчылыктар болууда. Үй-мүлкү декларацияга дал келбеген 50дөн ашык кызмат адамы бар. Текшерүү аяктай электигине байланыштуу алардын ким экендиги азырынча айтылбайт. Ушул жылдын 1-октябрынан кийин мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери бул тууралуу маалымат беришет”, - деди Сагынбаев.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
12.09.2018. 15:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
228
Катталган:
14-02-2018
Соӊку аракети:
15-11-2018 14:49
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура кылат мамлекеттин акчасын кымырып алган коррупционерлердин жүзүн эл билиши керек.Аларды көчөдө эркин баса албагандай кылыш керек.
12.09.2018. 16:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
129
Катталган:
07-08-2017
Соӊку аракети:
16-11-2018 04:42
Жынысы:
Белгисиз
0
Болгон мулкторун ага-туугандарына жаздырып койушуп билмексен болуп журо беришет да.
12.09.2018. 16:22 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
178
Катталган:
01-05-2018
Соӊку аракети:
14-11-2018 16:41
Жынысы:
Белгисиз
0
ТЕЦтин акчасын жеп кармалып камалгандар эмне болду экен?Соту болуп камалыштыбы же,эл көзүнө камап,эшиктин артынан чыгарып жибердиңерби акчасын алып.Дым дым эле болуп калышты го эмнегедир.Тарых музейиндеги коррупция жөнүндө да тынчып калды иш.
12.09.2018. 16:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
303
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
15-11-2018 17:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Байлыктарын жаап жашырган аткаминерлер өтө көп. Ошолорду ачыка чыгарса эле азыр элден көп билерман жок ошолор эле айтып салат.
12.09.2018. 16:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
303
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
15-11-2018 17:52
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимдер экен алар жеп жутарларды ачык жарыялагыла эл билсин.
12.09.2018. 16:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
121
Катталган:
31-05-2018
Соӊку аракети:
29-10-2018 15:34
Жынысы:
Белгисиз
0
ТЭЦ боюнча соттук иштер бир ай же бир күндө эле бүтүп калбайт. Шектүүлөр камакка алынып, териштирилип жатпайбы.
12.09.2018. 16:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
176
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
28-09-2018 15:58
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага кызык анда эмне дейт экен мен билбейм деп кутулса керек, себеби алардын природасы ошондойго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
117727;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: