"Жол коопсуздугу" коомдук бирикмеси тургундарды жол эрежелерин сактоого жана жолдо жүргөндө кылдат болууга чакырат. Бирикменин билдирүүсүнө ылайык, Кыргыз өлкөсүндөгү бардык жарандарга бул чакырыкты жеткирүү максатында 2 видеоролик даярдалган.
Жарандарды жол коопсуздугун сактоого үндөгөн ролик "Биздин тандоо - жолдогу коопсуздук!" деген аталышта Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун колдоосу менен тартылган.
"Жол кырсыктары - учурдун эң кайгылуу жана курч көйгөйү болгондуктан бул чакырык калктын калың катмарына жетип, таасир берсе деген тилектебиз. Биздин өнөктөштөр - Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Медиа-лаб жана ага тартылган актёрлор коомдук көйгөйдү токтотууга арналган роликке өз салымдарын кошту", - дешти бирикмеден.