Өлкөнүн облустарында көмүр запасы жетиштүү жана аны экспорттоо зарыл. Бул тууралуу парламент жыйынында депутат Мирлан Бакиров билдирди.
Ал Өзбекстан көмүр сатып алуу ниетин билдиргенин айтты.
"Өзбекстан ай сайын 140 миң тонна көмүр экспорттообузду суранып жатат. Эсептесек 3,5 миллион доллар болот экен. Карагыла, кандай салык, кандай инвестиция. Ушул өндүрүштү колго алыш керек. Бул тармакты изилдеп, карап чыгып, реалдуу экономикага пайда алып келсек болот. Темир жол тармагына жакында эле 150 вагон алышты. Өзбекстан 2 миң вагонго буюртма берип жатат. Болгону 50 пайызын эле камсыздап жатабыз", - деди Бакиров.
Учурда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында ар кандай маселелер каралууда.