Ош облусундагы “В.К.” деп аталган жоопкерчилиги чектелген коому тарабынан мамлекетке 48 миллион сомдон ашык зыян болгону аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 14-сентябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын (Каржы полициясы) басма сөз бөлүмүнөн кабарлашты.
Анда аталган кызматтын Араван жана Ноокат райондору боюнча райондор аралык бөлүмүнүн кызматкерлери ыкчам изилдөө иштерин жүргүзүп, ишкана тийиштүү салыктарды төлөбөстөн цементти жеткирип берип жүргөнүн аныкташкан. Мамлекеттик салык кызматынын Кара-Суу району боюнча башкармалыгы тарабынан салык жана төлөмдөр эсептелип чыгып, ишкана мыйзамсыз иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекеттик бюджетке 48 миллион 203 миң сом зыян келтиргени белгилүү болгон.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 213-беренеси (чарба жүргүзүүчү субъекттердин кызмат адамдары өзгөчө ири өлчөмдөгү салыктарды төлөөдөн качуу) боюнча кылмыш иши козголду. Азыркы учурда келтирилген зыяндарды кайтарып алуу чаралары көрүлүп жатканы кабарланды.