Мигранттардын балдары Кыргыз өлкөсүнө келип, жалпы республикалык тестирлөөгө катышууда тоскоолдуктарга кабылышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында депутат Сагындык Келдибаев айтып чыкты.
Ал бул маселеде мигранттардын балдарына кандай жардам берилерине кызыкты.
Бул суроого билим берүү министринин орун басары так жооп айта алган жок. Ал эми вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова тест тапшыруунун шарты бардык мектеп бүтүрүүчүлөрүнө бирдей каралганын айтып, чет өлкөдөн окуп келген окуучулар кошумча даярдоо курстарына катышуусу керек экенин кошумчалады.