Кара-Балта шаарында "КСДП Атамбаевсиз" ураанын колдогон жыйын болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына уюштуруучулардын бири Сагынбек Абдрахманов билдирди.
Абдрахмановдун айтымында, жыйын кечээ, 13-сентябрда болгон.
"Жыйынга каттоодон өткөндөрдүн саны 156 адамды түздү, бул жыйынга Жайыл районунун жалпы тургундары катышты. Жыйынга келгендер районго КСДП партиясынын жаңы координаторун шайлашты жана "КСДП Атамбаевсиз" ураанын колдошту", - деди Абдрахманов.
Буга чейин Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында КСДПнын лидерлигинде отурууга экс-президент Алмазбек Атамбаевдин моралдык укугу жок экенин айтып, Москва, Панфилов, Сокулук, Токтогул районунда жана Токмок шаарында жыйындарды өткөргөн.