КҮНСОБОЛ: "Жаман" болуп жээкке ыргытылган президенттердин вазирлери "жакшы" бойдон жаңы президенттерди жандап жүрүшөт. "Вазир жакшы - хан жакшы" деген элибиздин даанышман сөзү актуалдуулугун жоготтубу?

Тектеш кабарлар: КҮНСОБОЛ (404 материал)

2005-жылы эл ошол кездеги президент Аскар Акаевдин ишине нааразы болуп, элдик толкундоолордон улам Акаевдин режими кулаган. Мындан 5 жылдан кийин так ушундай нааразычылыктардан улам Курманбек Бакиевдин бийлигинин доору да бүткөн. Ал президенттер "жаман" аталганы менен ошол президенттердин учурунда мамлекеттик ишти жүргүзгөн, аларды жандап жүргөн, чечимдердин кабыл алынышына түрткү болгон аткаминерлердин көбү эч кандай моралдык же укуктук жоопкерчилик тартпай, улам кийинки президенттердин тегерегинен орун таап, иштеп жүрүшөт. "Жаман" болуп жээкке ыргытылган президенттердин вазирлери "жакшы" бойдон, жаңы президенттерди жандап жүрүшөт. Мындан улам SUPER.KG порталы "Вазир жакшы - хан жакшы" деген элибиздин даанышман сөзү актуалдуулугун жоготтубу?" деген собол салды.

ЖАМАЛДИНОВ: "Учурунда иштей албай кызматтан кеткен министрлер кийин эле башка бир таасирдүү кызматтарда иштеп жүргөн болот"

Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдиновдун айтымында, мурдагы бийлик учурунда иштеп, бирок азыр да кызматта жүргөндөр көп.

"Кадр маселеси өтө оор болуп жатат. Жаштардан жаңы кадрларды өстүрүш керек болууда. Мурдагы бийлик учурунда иштеп, бирок азыр да кызматта жүргөндөр көп эле. Мен да кээде түшүнбөйм. Учурунда иштей албай кызматтан кеткен министрлер кийин эле башка бир таасирдүү кызматтарда иштеп жүргөн болот. Бир карасаң облус башчысы вице-премьер-министр болуп калат же тескерисинче. Мен да мындай көрүнүшкө терс көз караштамын", - деди Жамалдинов.

ЧОЛПОНБАЕВ: "Жаңы келген президент ажыдаар болгусу келбесе эскиден калган, булганган аткаминерлерди кубалашы керек болчу"

Саясий ишмер Мукар Чолпонбаев белгилегендей, мамлекеттик кызматкерлер мыйзамга баш ийип кызмат кылышы керек.

"Биздин өлкөдө тескерисинче мамлекеттик аткаминер болуп келгендердин бардыгы президентке баш ийип, өздөрүнүн иштеринин баарын унутуп калышат. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин легендарлуу жомогу бар эмеспи, үңкүрдө алтынды кайтарган ажыдаарды баатыр барып өлтүрүп, алтынга колу тиери менен өзү ажыдаарга айланат. Ошентип биздин президенттер бийликке жетери менен ажыдаарга айланып калат. Тегерегиндегилердин бардыгы ажыдаарга окшош нерселер болуп калып жатат. Жаңы келген президент ажыдаар болгусу келбесе эскиден калган, булганган, жеген, ичкен аткаминерлерди кубалаш керек болчу. Бирок ага кудурети жетпей отурат", - деди Чолпонбаев.

МАДУМАРОВ: "Алсыз падыша жанына өзүнө окшогон вазирлерди жыйнайт"

Саясатчы Адахан Мадумаров ийкемдүү, жасалма адамдар кайсы бийлик келбесин аларга ыңгайлашып кете бере турганын айтты.

"Элибиздеги даанышман сөз актуалдуулугун жоготкон жок. Тек гана ар бир хан өзүнө окшогон вазирлерди топтойт. Алардын вазирлеринин баарынын омурткасы жок, ийкемдүү, жасалма. Кандай киши келсе ошолорго ыңгайлашып кете берет. Алардын принциби жок, өз башы менен эч нерсе жасай алышпайт. Өмүр бою буйрукту гана аткарып келишкен. Тилекке каршы, бүгүнкү коом ушундай адамдарды "жакшы, маданияттуу киши экен" деп сыйлашат. Бирок алардын сырткы сөлөкөтү эле киши болбосо, жөн эле жүргөн пенде. Президенттик шайлоодо аябай карама-каршы штабдарда иштешип, бүгүнкү күндө кайра алар бир командада мамыр-жумур болуп иштеп жатышат. Бул деген кимге болсо иштей берген намыстын жоктугун билдирет. Падышаны падыша кылган анын жан-жөкөрлөрү. Жан-жөкөрлөр кыйын болсо, анда падыша да кыйын болот. Жан-жөкөрлөр эптеп-септеп жүргөн жан багарлар болсо, анда падыша да ошондой. Анткени начар падыша өзүнөн кыйын, өзүнөн акылдуу адамдарды каалабайт, коркот. Күчтүү падыша болсо күчтүү адамдарга таянат. Мындан миң жыл мурун Жусуп Баласагын бабабыз "Төрдөн орун тийген болсо нааданга, улагада калганыңа арданба" деп жазган", - деди Мадумаров.

БЕКНАЗАРОВ: “Мага окшогон бетке чабарлар, ачуу чындыкты айткандар ар дайым оппозицияда болот”

Саясатчы Азимбек Бекназаров бетке чабар саясатчылар азайып баратат деген ойдо.

“Бардык бийлик тушунда иштегендер дагы деле кызматта болгон үчүн Аскар Акаев түптөп кеткен мамлекеттик башкаруу системи сакталып калды. Ал адамдар мамлекетке, элге эмес, президенттин үй-бүлөсүнө кызмат кылгандар. Алар президенттердин аялына, баласына, балдыздарына кызмат кылып көнгөн. Ошол саясатчылардын катмары азыркы убакка чейин жүрүшөт. Мага окшогон бетке чабарлар, ачуу чындыкты айткандар ар дайым оппозицияда болот. Тигилер ким келбесин ошол бийликке ыңгайлашып алат. Ошондуктан коомчулукта эки революция болсо деле эмне өзгөрдү деген сөз бекеринен айтылып жаткан жок.

Хандарды вазирлери бузат. Хан бузулбаш үчүн анын көз карашы, туруктуу позициясы болуш керек. Тилекке каршы, биздин президенттерде андай жок. Азыркы учурда кайсы бийлик келбесин жашаганды билген, чырмооктой болуп ыңгайына түшүп алган саясатчылар көп. Мисалы, Алмазбек Атамбаевден Сооронбай Жээнбековго секирип кеткендер. Аларга баары бир. Ошондой саясатчылардын тобу бүгүн мамлекетти башкарып жатат. Бетке чабар саясатчылар азайып кетти. Алардын көбү түрмөдө, кээ бирлери “эмне болсо, ошо болсун” деп кол шилтеп жатат. Эки революция кылабызбы, эки президентти качырабызбы, баары бир башкаруу режимин өзгөртө албай койдук”, - деди Бекназаров.

КАЧКЫНБАЕВ: “Бийлик элдин маанайын карап саясат жүргүзө алган адамдардын кызматына муктаж болууда”

Саясат таануучу Сейтек Качкынбаев бийлик утурумдук саясий тактика менен көбүрөөк алек болгон үчүн эски кадрлардын кызматына муктаж деген пикирде.

“Бийликке жетип алып ошол бойдон кийинки президенттерге жармашып жүрө берүүнүн эки себеби бар. Бул биринчи кезекте президенттердин өздөрүнө байланыштуу. Тилекке каршы, биздин бийликке көрөңгөсү бар, алысты көрө билген лидер адамдар келе элек. Тагыраагы өлкөнүн келечегин 20, 30 жыл алдыга карай көрө билип, ошол багытта өлкөнү өнүктүргөн стратегиялык кадамдарды жасап, татыктуу чечимдерди кабыл ала алган, глобалдык деңгээлде ойлоно алган адамдар президент болбой жатат.

Тескерисинче, биздеги президенттер утурумдук тактика менен алек болууда. Башкача айтканда, “бийликти мыйзамдаштырып, аны туруктуу кармап туруу үчүн кандай технологияларды колдонсом болот?” деген суроолор пайда болгондо, алар дароо мурдагы президенттердин тегерегинде жүргөн, элдин маанайына карап саясат жасоодо тажрыйбасы бар, элди тынчтандыра алган адамдардын кызматына муктаж болуп, ушул айлампадан чыга албай жатышат. Ошон үчүн мурдагы эле адамдар бийликти жандап жүрүшөт. Мисалы, кечээ УКМКнын мурдагы жетекчиси “Белизгейт” боюнча уят болду, Японияга же АКШга окшогон мыйзамды сыйлаган мамлекетте мындай адамдар дароо камалат. А бизде кармалган жок, анткени ал адамдардын жакынкы күндөрдөгү саясий жүрүштөрдө бийликке кызматы керек болуп калышы мүмкүн.

Экинчи себеби, өлкөнүн өнүгүүсүнө стратегиялык багыттарды, кеңештерди айта алган адамдарды бийлик арасына кошууга анчалык кызыкдар эместей сезилүүдө. Мына бүгүн президент бизнести тейлөө тармагынын өкүлдөрү менен жолугуп жатыптыр. Бирок арасында бир эле бизнес тармагынын өкүлү жүрөт. Ушуга окшогон маселелерде чоң катачылыктар кетүүдө. Жаңы бийликтен жакшы үмүт артып жаттык эле, бирок даремети ушул эле окшойт деген ойлор жаралууда. Мүмкүн, жакшы жагы деле бардыр, балким, алар кимдердин пикирин угуп, ким менен өнөктөш болуш керек экенин аныктай албай жатышкандыр”, - деди Качкынбаев.

КАДЫРБЕКОВ: "Иштердин 1 пайызы президенттин ою менен жасалат, калган 99 пайызын вазирлери даярдашат"

Коомдук ишмер Ишенбай Кадырбеков бийликтеги вазирлер иштейм деген адамдарга тоскоолдуктарды жаратып жатканын айтты.

"Вазирлердин түрлөрү бар. Аппарата иштеп жаткан орто чендегилер кесипкөйлөр катары кызматта калып жатышат. Аларга каршы сөз жок. Ал эми чечим кабыл алганга тиешеси бар адамдар хандардын алмашканына карабай өз кызматтарында кала беришет. Мисалы, азыр Акаев каякта, алар каякта? Кийин Бакиев келгенде алар анын уккусу келген сөздөрдү айтып, каалаган иштерди жасашты. Андан кийин Атамбаев келгенде алар анын ырын ырдай башташты. Хандар алмашса да кызматта калган вазирлер - өзгөчө адамдар, саясаттагы бир заматта түсүн өзгөрткөн "хамелеондор".

Президент жана премьер-министр болуп келген адамдар мындай көрүнүштөн сабак албай, "ушулар мурда иштеди эле, азыркы абалга жеткиришкен" деген бир да анализ кылбай кайра кызматка алып жатышат. Демек, Кыргыз өлкөсүн туңгуюктан чыгарууга ошол "хамелеондор" тоскоол болууда. Жасалган иштердин 1-2 пайызы эле президент жана премьер-министрдин ою менен жасалган иштер, калган 98-99 пайызды беркилер даярдап келишет.

Булар демилгелери бар жаңы туруп келе жаткан балдарга бут тосуп, жаман сөздөрдү тийгизип, өлкө жетекчилерине жолотпой жатышат. Жаңы балдар чыга албай жатат. Ошентип азыр ошол эле адамдар президенттин аппараты болобу, өкмөттүн аппараты болобу, дале иштеп жатышат", - деди Кадырбеков.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан