Ар бир гранитти, мраморду иликтеп чыгыш керек. Мындай талапты "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары укук коргоо органдарына койду.
Эл өкүлдөрү кымбат баалуу таштар жеке адамдарга иштетилип кеткен деген маалымат бар экенин айтып, тыкыр иликтөөнү тапшырма берди.
"1 айдын ичинде Башкы прокуратура менен УКМКдан ар бир баалуу таш боюнча маалымат сурайбыз. Таштар кызыктуу жерлерден чыгат. Президенттик аппаратта иштеген Мира Карыбаева мамлекеттен сыртка чыгарылбасын", - дешти депутаттар.
Ошондой эле депутат Бахадыр Сулейманов аталган долбоорду ишке ашырууда президенттик аппараттын кийлигишүүсү болгонун кошумчалады.