Абдышүкүр Нарматовдун үйүн тоноого шектелгендер кармалды

Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун үйүнө уурулукка кирип, уулуна ок чыгарган деген шек менен уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, кармалгандар башка да киши өлтүрүү, каракчылык, уурулук жана башка кылмыштар боюнча шектелүүдө. "Алардын бири 25 жаштагы Б.И. аттуу адам буга чейин "каракчылык", "баңгизатты мыйзамсыз алып жүрүү", "ээнбаштык" беренелери боюнча соттолгон.

Ал эми кылмыштуу топтун уюштуруучусу Жылдызбек Бекмурзаев аттуу жаран экендиги белгилүү болду. Ал өткөн жылы чек араны мыйзамсыз кесип өттү делинип Казакстандын аймагынан кармалган. Чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн сот Бекмурзаевди 6 айга кескен, бирок ал камактан качып кеткен. Казакстандын укук коргоо органдары ага издөө жарыялаган. ИИМдин пикиринде, ал Кыргыз өлкөсүнө кайтып, жаңы топту түзгөн", - деп жазылат маалыматта.

Ушул жылдын 3-май күнү таңкы саат 4:20 чамасында Аалымдар кеңешинин төрагасы Абдышүкүр Нарматовдун Аламүдүн районунун Көк-Жар айылындагы үйүнө белгисиз адамдар уурулукка кирип, 21 жаштагы уулуна ок чыгарышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Kosmos2013
2018-09-15 15:47:59
Мындай ууру каракчыларды айесуз жасалаш керек зыяндан башка пайдасы жок акмактарды!
+12
CEO1
2018-09-15 16:35:30
Нарматов бай бекен?!! Мурунку муфтийлер бай деп калышчу, азыркы муфтийдин байлыктары боюнча да кеп козголо калат убак убагы менен. Нарматов муфтий болбосо да байбы дегеним. Дегеле булар кантип байып жатышат ыя?!!

Же дин адамдары чекеден бизнесменби?!! Нариатов кечке эл аралап, сабак отуп оз иштери менен журуп, бизнесин туну кылабы эмне?!!

Кылмышкерлер да акчалууну тонойт да, бечара кедейди эмес... Булардын байлыгы кайдан келип жатат?!!
-57
patiydin
2018-09-15 17:18:26
CEO1,илимду инсандарга мындай создуу айтпа. Болуп дагы Абдушур Норматовга карата.
+15
CEO1
2018-09-15 21:07:30
patiydin, илимдуулугу оз жолу менен байлыгы оз жолу менен. Же дин адамы болсо, анын байлыгы кайдан куралганын суроого болбойт деп ким айтты?!!

Баса, Акаев да илимдуу окумуштуу болуучу, дин адамы болбосо да. Анын канча миллиард уурдаганын бугун да санап эсептеп бутушо элек.....
-3
newman
2018-09-16 02:41:30
CEO1, тууганым. Ал кишини ислам буюмдарын (атыр жыт, жайнамаз, теспе Жана башка коп туру) дүнүнон сатып иштеген соода аянтчасы бар экенин уккан жайым бар. Бул кадимки Дордой базарындагы эле кийим сыяктуу соода. Менден жакшы билесиз ОПТоМдо акча жакшы эле бар экенин жана соодада береке болорун. Бул киши эл кылган тиричиликтей эле. Дордойдо 5-6 жылдан бери Кытай бут кийим саткан соодагер деле жакшына үй салып, мыкты жашоо кылып атпайбы тууганым. Ошондуктан өзүн жаман көрсөңүз да так далил болбосо
+11
newman
2018-09-16 02:45:51
CEO1, акча кайдан деп ойлонбосонуз дейм. Эгер мен акчалуу болуп безнес тармагында жүргөн адам болсом мүмкүнчүлүк болсо бир машина белек кылсам болот эле деп ойлосом керек. Жөн гана мага дин аалымы катары жаккан үчүн. Ушул сыяктуу чынында колунда бар бирөө балким белек кылса бул арам нерсе эмес да(бирок бироо белек бериптир деп уккан эмесмин) тууганым, сизди жакшы көрөм. Биздин мырза жакпаса сабыр кылып туруңуз. Башка жаңылык болуп калаар, бул унутулуп
+8
Adil706070
2018-09-15 17:51:26
Омурундо даарат алганды билбеген,намаз окуп жаратканга сажда кылып башы жерге тийбеген,гусл кылуу эмне экенин билбей жер устундо басып жургондор байыш керек дагы ал эми Аллахтын суйуктуу ,озуно баш ийип кулчулук кылып жаткан пендеси кедей болуш керекби.Керек болсо эл минбеген унааны, эл жашабаган уйдо,эл баспаган жерде,эл жебеген ,ичпеген тамакты жеп ичкенге татыктуу ал адамдар.
+26
Adil706070
2018-09-15 17:53:40
Ар ким озу чогулткан дунуйосуно жооп берет.Адал эмгек мененби,арам жол мененби аны бир Аллах озу таразага койот.
+9
dymak
2018-09-15 19:24:49
Бирөөгө далили жок асылуу,жалган жалаадан этият болгула урматтуу мекендештер бул жараткандын алдында чоң күнөө.Ар кимдин байлыгы өзүнө буюрсун.
+15
ROZI
2018-09-15 21:32:22
Алтындарым, корбой билбей туруп бироого жалаа жапкан жана шек санаган болбойт!
АЛЛАХ ТААЛАМ баарыбызга ошол Чубак ажыдай жана Абдышукур ажыдай илим-билим, ыйман берсин! Амиин амиин амиин!
Баарыбызды АЛЛАХ ТААЛАМ жараткан ошол илимдуу инсандардай кулчулук кылып Ислам динине кызмат кылууга.
Талаштын кереги жок, жана ажыларыбызды шылдындап, мазактаганга жол берилбейт!!!
Биринчи кезекте ар бирибиз ой жугуртушубуз керек, мени Ким жараткан жана кимге кулчулук кылуум керек деп
+10
CEO1
2018-09-15 22:11:38
ROZI, Ажыларынды сындоого болбогудай ак бекен аларын?!!
-17
ROZI
2018-09-15 21:33:29
Катуу кетсем кечирим сурайм АЛЛАХ ТААЛАМДЫН ыраазычылыгы учун!
+4
Banzai2018
2018-09-15 22:31:38
Менин ажым эмес озуно озу ажыдыр менин тушунугум жок
-7
KG.Kushtarbek
2018-09-16 01:12:37
Аалымдын уйуунон уруулука киргенинер жаман болуптурда бул дуйнодода кийинки дуйнонордода сураагы кыйынгоо
+3
KyrgyzstanBishkek
2018-09-16 07:44:11
Эмне силер Нарматовтун журогун ачып кордунорбу,жасалма андай мындай дегидей.Ал КР сынын жараны мыйзам боюнча эч ким жон жерден эле озунун киреше булагын жонундо маалымат берууго милдеттуу эмес.Эгер мыйзамсыз иш кылса аны тийиштуу органдар озу текшерет.Бишкекте канчалагн байлар бар, короосун астын коргоочулар кайтарган.Анда бут баары отчет бериш керек экенда да кирешеси жонундо.
+4
KyrgyzstanBishkek
2018-09-16 07:58:55
Бизде демократия каалагыбызды суйлойбуз дейсинер.Анан бул кишилерге демократия эмеспи.ХХХХХХХХХХХХ
+8
i1urp
2018-09-16 08:43:31
Дин урушуп талаша турган оюн
-12
admin_superstan
2018-09-17 11:56:03
Жеке айтышуулар үчүн купуя кат бар! Ар бир колдонуучу эрежелердин талабына ылайык өз ой-пикирин жазып калтырууга укугу бар! Порталдын эрежелин сактагыла! Эскертүү баарыңарга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан